Милиционерлер кармалгандан кийин ИИМде алты жетекчи иштен кеткени айтылды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевМилиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт
Милиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Жазылуу
12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулганы маалым болду.
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалгандан кийин 18 жетекчи тартиптик жазага тартылып, алардын ичинен алтоо иштен бошотулду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Калган 12 жетекчиге карата ар кандай тартиптик жазалар колдонулганы маалым болду.
Мындай чечим ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын айрым кызматкерлери синтетикалык дарыларды саткандардан акча талап кылган фактылар аныкталып, беш милиционер кармалгандан кийин кабыл алынган.
Милиционерлер тобу мессенджерлер аркылуу синтетикалык баңгизаттарды колдонгон адамдарды аныкташкан. УКМК кылмышка тиешеси барларды видеого тартып, камайбыз деп коркутуп акча талап кылышканын билдирди. Анда кармалгандардын 20 миң сомдон 5 000 долларга чейин берүүгө аргасыз болгону маалымдалды. Кызматкерлер акча алгандан кийин фактыларды жашырып, аларды бошотушкан дешти.
Киши Ички иштер министрлигинин кызматкеринин күбөлүгүн көрсөтүп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2023
УКМК: милиционербиз деп элди алдап жүргөндөр кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0