Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда саламаттык сактоонун улуттук планы иштелип чыгат

© Sputnik / Асель СыдыковаРеспубликалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев
Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Жазылуу
Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев саламаттык сактоо системасы коомдун ден соолугуна кооптуу болгон факторлорго жооп берүүгө даяр болушу керектигин айтты.
Саламаттык сактоо министрлиги жакынкы жети жылга саламаттыкты сактоонун коопсуздугун камсыздоо боюнча улуттук план иштеп чыгууну пландаштырууда. Бул тууралуу Нурболот Үсөнбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда саламаттык сактоонун улуттук планы иштелип чыгат
Анын айтымында, профилдик жолугушуунун алкагында саламаттык сактоонун коркунучтары жана бирдиктүү жол картасы талкууланды.
"Саламаттык сактоо министрлигинин башчысынын орун басары Бакыт Жангазиев саламаттык сактоонун улуттук планын иштеп чыгуу боюнча жыйын өткөрдү. Анда өлкөдө саламаттык сактоонун эл аралык эрежелерин ишке ашырууга биргелешкен тышкы баа берүүнүн натыйжалары, 15 негизги багыт боюнча эл аралык саламаттык сактоо эрежелеринин аткарылышы боюнча жылдык өзүн-өзү баалоо отчету тууралуу кеп болду. Ошондой эле массалык иш-чаралардын жүрүшүндө өлкөдөгү бардык тобокелдиктерге баа берүү, окуяга байланыштуу бардык коркунучтарды аныктоо, тобокелдиктин жалпы деңгээлин жана сандык баалоо, ошондой эле тобокелдикти азайтууга жана тобокелдиктерди жогорулатуучу факторлорду аныктоо жана кароо, бирдиктүү саламаттыкты сактоо боюнча жол картасы талкууланды. Биздин система коомдун ден соолугуна коркунуч алып келүүчү факторлорго жооп берүүгө даяр болушу үчүн бардык зарыл чараларды көрүшүбүз керек. Буга чейинки бардык иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча келерки жети жылдык үчүн саламаттыкты сактоонун улуттук планын иштеп чыгуу пландаштырылууда", — деди Үсөнбаев.
Ал планды ишке ашыруу саламаттык сактоо уюмдарынын ар кандай өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даярдыгын күчөтөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0