Кыргызстан чет жактан алган өсүмдүк майынын ири көлөмү ЕАЭБден импорттолот

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүПроизводство растительных масел в Краснодарском крае
Производство растительных масел в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Жазылуу
Республика күн карама майын көбүнесе башка мамлекеттерден сатып алат.
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Күн карама майынын дээрлик бардык көлөмү Кыргызстанга Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттерден келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Былтыркы жылдын аягында айыл чарба министри өсүмдүк майы социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмесиндеги "талуу азык" экенин айткан.
Быйыл январдан июнга чейин Кыргызстан 19,2 миң тонна суу май сатып алган.
Импортер-өлкөлөр:
Россия — 15 924,5 тонна;
Казакстан — 3 190,4;
Армения — 54,5;
Азербайджан — 18,2.
Булардан тышкары, Кыргызстан Түркиядан 0,6 миң сомдук май импорттогон.
Товар жүктөө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2023
Кыргызстандын экспортунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн үлүшү канча? Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0