УКМК кармаган кызматкерлер: ИИМде кайсы жетекчилер иштен алынганы белгилүү болду

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБишкек ШИИБдин начальниги Азамат Ногойбаев. Архивдик сүрөт
Бишкек ШИИБдин начальниги Азамат Ногойбаев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2023
Жазылуу
Борбор калаа милициясынын башчылыгына Талас облусундагы начальник келди.
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. "Баңгизат менен иштеген" кызматкерлери кармалганына байланыштуу кайсы жетекчилер иштен алынганы белгилүү болду.
Ички иштер министрлиги бүгүн жазага тартылгандар тууралуу маалымат берди.
Төмөндө иштен алынган жана ордуна дайындалгандар:
Бишкек ШИИБдин начальниги Азамат Ногойбаев кетип, ордуна Талас ОИИБди башкарып турган Азамат Токтоналиев келди;
Бишкек ШИИБ башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары Кылычбек Жолдошев иштен алынды, ордуна Мыктыбек Болушев келди. Ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары болчу;
Бишкек шаардык баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгѳ каршы күрѳшүү боюнча кызматынын башчысы Мухтарбек Токтогулов иштен алынды;
Чүй облустук Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Азамат Имангазиев иштен алынды.
Андан тышкары, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын 5 жетекчилик курамдагы кызматкери, Бишкек ШИИББдин 3 жетекчилик курамдагы кызматкери, Чүй ОИИББнын 4 жетекчилик курамдагы кызматкерлери ар кандай тартиптик жазаларга тартылды.
Белгилей кетсек, УКМК ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында беш милиционерди кармаган.
Милиционерлер тобу мессенджерлер аркылуу синтетикалык баңгизаттарды колдонгон адамдарды аныктап, бирок алардан акча талап кылышканы айтылган. Анда кармалгандар 20 миң сомдон 5 000 долларга чейин берүүгө аргасыз болгон. Милиционерлер акча алгандан кийин фактыларды жашырып, аларды бошотушканы маалым болгон. УКМК бул сыяктуу 200дөн ашуун факт аныкталганын билдирген.
Скутер айдагандар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Скутер иштеткендер да, эс алуучу да кармалды. Пляждагы мушташтын жаңы видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0