Бүгүн автобус, троллейбустар нак акча алууну токтотту. Кантип төлөсө болот?

© пресс-служба мэрии города БишкекТроллейбустагы электрондук төлөм. Архивдик сүрөт
Троллейбустагы электрондук төлөм. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Жазылуу
"Тулпар" картасын айдоочулардан дагы сатып алса болот.
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкек мэриясы бүгүндөн тарта троллейбус жана автобустарда жол киреге накталай акча кабыл алынбай турганын эскертти.
Атайын акциянын алкагында 30-сентябрга чейин жүргүнчүлөр "Тулпар" картасын айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот. Мындан сырткары, банктык карта, мобилдик капчыктар аркылуу да жол кире төлөсө болот.
Төлөө жолдору:
үч категориядагы "Тулпар" карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана "Элкарт" контактысыз карталары;
виртуалдуу NFC картасы;
"Тулпар" жана Balance тиркемесинде QR-сканерлөө;
"Тулпар" тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.
Мектеп картасын алуу үчүн сиз мэриянын сайтына tulpar-card.kg/schoolcard онлайн-режимде арыз калтырышыңыз керек. Баасы 50 сом (баланста 11 сом). Даяр картаны "Тулпар" тейлөө борборунан аласыз.
Бишкек мэриясынын транспорт маселелери боюнча департаментинин директорунун орун басары Нурбек Сагынбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Радио
Бишкекте 59 миң пенсионер, 11 миң окуучу "Тулпар" картасын алды
Жаңылыктар түрмөгү
0