Президенттик "Акылман" лицейине мугалимдер изделүүдө

© Sputnik / Владимир ПесняМугалим. Архивдик сүрөт
Мугалим. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Президенттик "Акылман" лицейи кыргыз тилинде окутулган класстар үчүн мугалимдерди жана адистерди издеп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымат таратты.
Кыргыз тилиндеги класстардын окуучуларына орус тили жана адабияты, география, технология, музыка, дене тарбия, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар сабактары боюнча мугалимдер керек. Мындан тышкары, китепканачы жана психолог да изделүүдө.
Сынакка катышуу үчүн 24-август саат 17:00гө чейин gsamakova2020@gmail.com электрондук дареги аркылуу төмөндөгү документтерди жөнөтүү керек:
диплом;
эмгек китепчеси;
өмүр баяны;
медициналык китепче.
"Тандалган талапкерлер менен сүйлөшүү өткөрүлөт, андан соң алар комиссия баа бериш үчүн ачык сабак сунуштоого тийиш", — дешти министрликтен.
Сурап-билүү телефону: 0702250677
Асфальт коюу иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2023
"Бишкек асфальтсервис" ишканасына жумушчулар керек. Шарт-талабы
Жаңылыктар түрмөгү
0