Чек ара кызматы: Казакстан "Ак-Тилектен" бир күндө үч унаа өткөрдү

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев"Ак-Тилек" өткөрмө пунктунда турган жүк ташуучу унаалар. Архив
Ак-Тилек өткөрмө пунктунда турган жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
Жазылуу
Ведомство бул боюнча казак тарап менен жолугушуу өткөрүү маселесин карап жатат.
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бүгүн, 21-августта, "Ак-Тилек" өткөрмө пунктунун алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматта саат 18:30га карата мамлекеттик чек арада Кыргызстандан чыгуу үчүн кезекте 370ке жакын унаа тургандыгы айтылат.

"Кыргызстандын Чүй тилкесиндеги чек арачылары унаалардын жай өтүшүнүн себеби боюнча казак өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүү маселесин карап жатат. Саат 09:00дөн 18:00гө чейин казак тарап үч унаа өткөрдү", — деп билдирди Чек ара кызматы.

Ведомство алар эч кандай чектөө киргизбегенин жана өткөрүү пунктулары кадимки тартипте иштеп жаткандыгын кошумчалады.
Милиция кызматкеринин кишен жана фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
Бостеридеги 23 жаштагы жигиттин өлүмү. Үч милиция кызматкери кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0