Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кал, меӊдерди кандай учурда дарыгерге көрсөтүү зарыл?

© Sputnik / Асель СыдыковаКММАнын үй-бүлөлүк медицина каферасынын ассистенти, Республикалык тери-венерология борборунун дерматолог-венерологу, хирург Самат Жусупбеков
КММАнын үй-бүлөлүк медицина каферасынын ассистенти, Республикалык тери-венерология борборунун дерматолог-венерологу, хирург Самат Жусупбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
Жазылуу
КММАнын үй-бүлөлүк медицина каферасынын ассистенти, Республикалык тери-венерология борборунун дерматолог-венерологу, хирург Самат Жусупбеков кал, меӊдер меланомага айланып онкологиялык ооруну пайда кылуу ыктымалдуулугу менен кооптуу экенин айтты.
Медицинада невус деп аталган кал, сөөл, папиллома жана меңдер көп учурда ата-энеден балага берилет. Бул жакын адамдар арасында программаланган ДНК байланышынын бир түрү экенин Самат Жусупбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кал, меӊдерди кандай учурда дарыгерге көрсөтүү зарыл?
Анын айтымында, невус ультра сыя нурунун таасиринен, тукум куучулук негизде, гормоналдык өзгөрүүлөрдөн, теринин жаракат алышынан улам пайда болот.
"Гормоналдык өзгөрүүлөргө байланыштуу меңдер күтүлбөгөн жерден пайда болушу же жок болушу мүмкүн. Демек, ата-эне кичинекей баладан көргөн калдар өспүрүм куракта башкача болуп калышы ыктымал. Бирок санына жана жайгашкан жерине карабастан, ар бир меңге кылдат мамиле кылуу керек (чачты жулуп албаңыз, тырмап, тытканга болбойт). Болбосо кооптуу кесепеттери болушу мүмкүн (меланомага айланып онкологиялык ооруну пайда кылышы ыктымал). Эң зыянсыз кал бул пигменттүү лентиго деп аталган невус. Сепкилге окшош болгондуктан экөөнү чаташтыруу абдан оңой. Мындай кал теринин астында меланоциттердин, пигментация үчүн жооптуу клеткалардын топтолушунан пайда болот. Андан башка бардык невустардын түрлөрү ээсине кооптуулук жаратышы мүмкүн. Бул эпидермо-дермалдык невустар – теринин бетинен өйдө көтөрүлүп өскөн меңдер (эпидермо-дермалдык невус). Интрадермалдык же тери ичиндеги невустар томпок, көбүнчө чач менен капталган болот. Диспластикалык невус – бул туура эмес формадагы, чектери так эмес, өлчөмү бир сантиметрден ашкан өсүндүлөр. Эң коркунучтуулардын бири – чоӊ невус. Бул теринин көп бөлүгүн каптаган тубаса так. Көбүнчө аны эрте алдырып салышат. Анткени жаман көрүнөт жана залалдуу формага айланып кетүү коркунучу абдан жогору. Калдардын залалдуу клеткаларга айланышы акырындык менен бир нече ай же жылдар бою жүрөт же күтүлбөгөн жерден, өтө кыска убакыттын ичинде болушу мүмкүн. Эгерде кооптуу клеткалар пайда боло турган болсо, ал тез бөлүнүп, көбөйө баштайт. Андыктан бул учурду өткөрүп жибербей профилактикалык медициналык кароодон үзгүлтүксүз өтүп туруу зарыл. Эгерде невус географиялык картага окшоп ассиметриялуу, туура эмес формада өссө, күрөң, кызыл, боз жана көк болуп көп түстүү болсо, дароо чоӊоюп кетсе, кычышса, ооруса же канаса, саны 50дөн ашса, чачырап өссө, анда дарыгерге сөзсүз кайрылуу абзел. Адис невусту текшерүүдөн өткөрүп, аны кандай дарылоо керектигин аныктайт", — деди Жусупбеков.
Ал невус адамга зыян алып келбеши үчүн күндөн коргоочу кремдерди колдонуп (айрыкча интенсивдүү ультра кызгылт көк нуру бар жерлерде), көлөкө жерде жүрүүнү сунуштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0