Акыркы чечим эмес. Ниязбеков баңгизат чуусунан улам иштен алынгандар тууралуу

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРИчки иштер министри Улан Ниязбеков. Архив
Ички иштер министри Улан Ниязбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
Жазылуу
ИИМ башчысы жаңыдан кызматка дайындалган жетекчилерге кыска мөөнөттүн ичинде бардык кемчиликтерди жоюп алгылыктуу иш алып барууга тапшырма берген.
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Ниязбеков баңгизат соодасына шектелип кармалган кызматкерлердин айынан иштен алынган жетекчилер тууралуу комментарий берди.
Министр Эгемендүүлүк күнү, окуу жылынын башталышы, Ленин районунда кайра шайлоо учурунда коопсуздукту камсыздоо туурасында онлайн-кеңешме өткөргөнү белгиленди.
"Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мыйзам бузуп кармалган ички иштер органдарынын айрым кызматкерлерине байланыштуу жүктөлгөн милдеттерди так аткарбаганы жана өздүк курам арасында жетиштүү иш алып барбагандыгы үчүн айрым жетекчилер боюнча чечимдерди кабыл алдык. Бул акыркы чечим эмес. Анткени буга чейин болуп өткөн коллегияларда, аппараттык кеңешмелерде "эл үчүн таза иштегиле, өздүк курамга катуу көңүл бургула" деген бир катар тапшырмаларды бергенбиз. Жакынкы арада ушуга окшогон дагы бир топ чечимдерди кабыл алып, мындан да катаал чараларды көрөбүз", — деди Ниязбеков.
Ошондой эле ал жаңыдан кызматка дайындалган жетекчилерге кыска мөөнөттүн ичинде бардык кемчиликтерди жоюп алгылыктуу иш алып барууга тапшырма берген.
Белгилей кетсек, УКМК ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында иштеген беш милиционерди кармаган.
Милиционерлер тобу мессенджерлер аркылуу синтетикалык баңгизаттарды колдонгон адамдарды аныктап, бирок алардан акча талап кылышканы айтылган. Анда кармалгандар 20 миң сомдон 5 000 долларга чейин берүүгө аргасыз болушкан. Милиционерлер акча алгандан кийин фактыларды жашырып, аларды бошотушканы маалым болгон. УКМК бул сыяктуу 200дөн ашуун факт аныкталганын билдирген.
Андан соң бир нече жетекчи жумуштан кеткен.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2023
Бишкек ШИИБдин жаңы жетекчиси Токтоналиев тууралуу эмне белгилүү
Жаңылыктар түрмөгү
0