Казакстанда 11 адам дарыяга агып кетти. Алардын тууган экени айтылууда

© Фото / Акимат Туркестанской области (Казахстан)Сырдарыядан 11 адам агып кетти
Сырдарыядан 11 адам агып кетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Жазылуу
Туугандары билдиргендей, алар тойдон чыгып суу жээгинде эс алууну чечишкен.
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кечээ, 21-августта, Сырдарыядан 11 адам агып кетти. Алардын бешөө балдар. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Маалыматка караганда, окуя саат 18:00дөр чамасында болгон. Дарыянын жээгине төрт үй-бүлө келген.
© Фото / Акимат Туркестанской области (Казахстан)

Маалыматка караганда, окуя саат 18:00дөр чамасында болгон. Дарыянын жээгине төрт үй-бүлө келген. - Sputnik Кыргызстан
1/2

Маалыматка караганда, окуя саат 18:00дөр чамасында болгон. Дарыянын жээгине төрт үй-бүлө келген.

© Фото / Акимат Туркестанской области (Казахстан)

Жергиликтүү тургундар бул жердеги суу шар агарын, түбү тайгалак экенин айтышты. Түркстан облусунун бийлиги каза болгондордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жардам көрсөтүүнү убадалады.

Жергиликтүү тургундар бул жердеги суу шар агарын, түбү тайгалак экенин айтышты. Түркстан облусунун бийлиги каза болгондордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жардам көрсөтүүнү убадалады. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Жергиликтүү тургундар бул жердеги суу шар агарын, түбү тайгалак экенин айтышты. Түркстан облусунун бийлиги каза болгондордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жардам көрсөтүүнү убадалады.

1/2

Маалыматка караганда, окуя саат 18:00дөр чамасында болгон. Дарыянын жээгине төрт үй-бүлө келген.

2/2

Жергиликтүү тургундар бул жердеги суу шар агарын, түбү тайгалак экенин айтышты. Түркстан облусунун бийлиги каза болгондордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жардам көрсөтүүнү убадалады.

"20 адамдын 11и сууга чөгүп кеткен. Алардын бешөө балдар. Куткаруучулар 8 адамдын сөөгүн алып чыгышты. Дагы үчөө табыла элек. Издөө иштерине 144 адам тартылды", — деп айтылат маалыматта.
Жергиликтүү тургундар бул жердеги суу шар агарын, түбү тайгалак экенин айтышты. Түркстан облусунун бийлиги каза болгондордун үй-бүлөсүнө тийиштүү жардам көрсөтүүнү убадалады.
Tengrinews.kz облус бийлигине шилтеме берип кененирээк маалымат берди.
"Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү же фамилиялары окшош адамдар болгон. Туугандары билдиргендей, тойдон чыгып дарыянын жээгинде эс алууну чечишкен. Ал жердеги жээк абдан тайгалак жана терең экен. Бирөөсү чалынып сууга кулагандыктан башкалары аны куткарабыз деп жатып кошо агып кетиши мүмкүн. Негизи бул жер сууга түшүүгө ылайыктуу эмес. Жээк менен басып баратып эле чалынып кулашкан окшойт. Баары кийимчен болгон", — деп айтылат маалыматта.
Бишкектеги батирден чыккан жарылуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
Бишкектеги батирден чыккан жарылуу. Окуянын жаңы жагдайлары
Жаңылыктар түрмөгү
0