Россияда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мигранттарына каралган артыкчылыктар. Видеотүшүндүрмө

Жазылуу
Россия Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) жарандары үчүн бир топ шарттарды, ыңгайлуулуктарды караган.
ЕАЭБ мамлекеттеринин эмгек мигранттары Россияга ички паспорт менен бара алышат, аларга иш үчүн патенттин кереги жок. Андан сырткары, мигранттын үй-бүлөсү эмгек келишимдин мөөнөтү бүткөнчө Россияда жашап турса болот.
Башка артыкчылыктар да бар. Кеп Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары тууралуу жүрүп жатат.
Баса, мындай "опциялар" КМШнын ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрүнүн мигранттарына тиешелүү эмес. Бул туурасында кененирээк Sputnik жасаган инфографикадан көрө аласыз.
Евразиялык экономикалык биримдик — эл аралык бирикме. 2015-жылдын 1-январынан тарта иштеп келет. ЕЭАБге беш мамлекет: Кыргызстан, Россия, Армения, Беларусь, Казакстан мүчө.
Жаңылыктар түрмөгү
0