Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр

© SputnikБишкек жылуулук электр борборунун башкы инженери Нурлан Кулжыгачов
Бишкек жылуулук электр борборунун башкы инженери Нурлан Кулжыгачов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Жазылуу
Бишкек жылуулук электр борборунун башкы инженери Нурлан Кулжыгачов өкмөттүн тапшырмасы боюнча Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине 1 миллион 200 миң тонна көмүр менен камсыз болушу керектигин айтты.
Бишкек ЖЭБи "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы менен келишим түзүп, Кара-Кече көмүрүнүн биринчи бөлүгү сентябрда алып келинет. Бул тууралуу Нурлан Кулжыгачов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр
Анын айтымында, Бишкек жылуулук электр борбору бардык даярдык иштерин жүргүзүп, күзгү-кышкы жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө камылга көрүүдө.
"Министрлер кабинетинин тапшырмасы боюнча Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине 1 миллион 200 миң тонна көмүр менен камсыз болушу зарыл. Анын 650 миң тоннасы жергиликтүү Кара-Кече көмүрү болсо, калганы импорттолот. Учурда "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы менен келишим түзүлгөн, көмүрдүн алгачкы партиясы сентябрь айынан тарта келе баштайт. Ал эми Казакстандын Шабыркүл көмүрүнүн 30 миң тоннадай көлөмү бизде бар. Атайын графикке ылайык, апрель айына чейин көмүр ташыла берет. Мындан тышкары, Таш-Көмүр көмүрүнөн 50 миң тонна алып келүү боюнча келишим түзүлүп жатат. Жалпы жонунан Бишкек жылуулук электр борбору күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр. Бардык буу казандардын иши текшерилип, шаар тургундарына өз убагында жылуулук берилет", — деди Кулжыгачов.
Ошондой эле адис азыркы мезгилде Бишкек ЖЭБинин кампасында 280 миң тонна көмүрдүн запасы сакталып турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0