БРИКС мамлекеттеринин экономикасынын кулачы жайылууда. Инфографика

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБРИКС мамлекеттеринин желектери
БРИКС мамлекеттеринин желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Жазылуу
Бул күндөрү БРИКС саммити Йоханнесбургда өтүп жатат. Аталган уюмдун саммитине 67 мамлекеттин лидери чакырылган.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. БРИКС мамлекеттеринин экономикасы сатып алуу жөндөмдүүлүгү жактан G7 уюмунан озот. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин Йоханнесбургда өтүп жаткан аталган уюмдун саммити учурунда айтты.
Sputnik БРИКС мамлекеттери менен ага кирүүгө арыз бергендердин ИДПсынын деңгээли боюнча инфографика даярдады.
© SputnikБРИКС өлкөлөрү менен ага кирүүгө арыз бергендердин ИДПсынын деңгээли
БРИКС өлкөлөрү менен ага кирүүгө арыз бергендердин ИДПсынын деңгээли - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Бул күндөрү БРИКС саммити Йоханнесбургда өтүп жатат. Аталган уюмдун саммитине 67 мамлекеттин лидери чакырылган. Алардын ичинен 53ү — Африка аймагындагы республикалар.
Буга чейинки маалыматтарда БРИКС мамлекеттери менен ага кирүүгө арыз бергендер жалпысынан алганда Жер калкынын 60 пайызга жакынын түзгөнү маалым болду. Бул аталган биримдиктин масштабы улам кеңейип бара жатканынан кабар берерин белгилешти.
БРИКСке Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы кирет. Бирок соңку учурда экономикалык бул блокко 19 мамлекет мүчө болууга ынтызарлыгын билдирген.
Москвадагы БРИКСтин стеласы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2023
Өнөктөштөр арбысын. Кытай БРИКСти кеңейтүү идеясын колдоду
Жаңылыктар түрмөгү
0