БРИКСке умтулгандар Жер жашоочуларынын жарымынан көбүн түзөт

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүү БРИКС мамлекеттеринин саммити. Архивдик сүрөт
 БРИКС мамлекеттеринин саммити. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. БРИКС мамлекеттери менен ага кирүүгө арыз бергендер жалпысынан алганда Жер калкынын 60 пайызга жакынын түздү.
Бул маалыматтарды Sputnik даярдаган инфографикадан көрүүгө болот.
Эске салсак, 22-августта Йоханнесбургда башталган БРИКСтин саммити бүгүн да өзүнүн ишин улантууда. Анда Глобалдуу Түштүктүн лидерлери Батыш эми алар менен эсептешүүсү керектигин билдиришти.
БРИКСке Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы кирет. Бирок соңку учурда экономикалык бул блокко 19 мамлекет мүчө болууга ынтызарлыгын билдирген. Аларды катарында Аргентина, Иран, Алжир, Тунис, Түркия, Сауд Арабиясы жана Египет сыяктуу мамлекеттер бар.
Россиянын президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Путин: БРИКСте доллардан баш тартуу боюнча кайталанбас процесс жүрүп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0