ЕАЭБде секирик жасаган технологияларды иштеп чыгуучу программалар кабыл алынды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүИлимий борбордун кызматкерлери иш учурунда. Архив
Илимий борбордун кызматкерлери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Жазылуу
Стратегия-2025 ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен илимий-изилдөө иштерин стимулдаштыруу аракеттерин бириктирүүнү карайт.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. ЕАЭБде өз ара тажрыйба алмашуу, топтоо менен изилдөөчүлөрдүн, алардын ичинде аспиранттардын, магистранттардын квалификациясын жогорулата турган программаны кабыл алышты. Бул туурасында Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалымат кызматынан кабарлашты.
ЕЭКтин коллегиясы программаны колдоп жана илимий уюмдар менен жогорку окуу жайларда тажрыйба топтогон сапарларды уюштурууда ЕАЭБге аны эске алууну айтышты.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен илимий-изилдөө иштерин стимулдаштыруу аракеттерин бириктирүү Стратегия-2025те каралган.
Буга чейин ЕЭК коллегиясы изилдөөчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу боюнча улуттук программаларга мониторинг жана талдоо жүргүзгөн. Уюмга мүчө-мамлекеттерге биргелешкен программа боюнча сунуштарды жөнөтүп, алар колдоо тапкан эле.
Интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев бул жааттагы мындан аркы кадамдарды айтты. Программанын негизги натыйжасы менен изилдөөлөрдүн жыйынтыгын ЕАЭБ рыногуна алып кирүү максаты коюлган. Анын прогрессивдүү технологиялардын, ачылыштардын, иштелип чыккан келечектүү долбоорлордун санын көбөйтөрүнө ишенип турушат. Программа биримдиктин өлкөлөрүнүн тиешелүү улуттук программалары менен каржыланат.
Анын ичине илим-билим берүүнү өнүктүрүүнүн приоритеттери, каржылоонун формалары, программаны ишке ашыра турган жогорку окуу жайлар менен илимий уюмдардын тизмеси, квалификацияны жогорулатуу кирет.
Делегаттардын өкмөт башчыларынын советинин мүчөлөрү менен иштиктуу эртең мененки тамак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Кыргызстандык студенттердин идеясын ЕАЭБдин өкмөт башчылары колдоду
Жаңылыктар түрмөгү
0