Кыргызстанда окуучулар жыл сайын кыргыз тилинен экзамен тапшырат

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулар мектепте сабак учурунда. Архив
Окуучулар мектепте сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Окуучулар жыл сайын жогорку класска көчүп жатканда кыргыз тилинен экзамен тапшырат. Бул туурасында Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова билдирди.
Бул 1-класстан баштап 11-класстын окуучуларына чейин тиешелүү.
Орозобекова "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын 17-беренесине таянып милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү (класстан класска), бүтүрүү экзамендери киргизилерин айтты. Ал эми кесиптик жана жогорку окуу жайларга кабыл алуу, ошондой эле бүтүрүү учурунда мамлекеттик тилди канчалык билери текшерилет.
Мындай норма эски мыйзамда дагы бар эле. Бирок көпчүлүк учурда аткарылбай келген.
Кыргыз тили боюнча окуу китеби. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Мектептердеги окуу китептеринин ижара акысы 25 сом деп бекитилди
Жаңылыктар түрмөгү
0