Алайда жер көчүп Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолу жабылды. Видео

© Sputnik / Кирилл ШипицинЖол тазалоо иштери. Архивдик сүрөт
Жол тазалоо иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Жазылуу
Жерине төрт техника тартылып, жол тазаланууда.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолунун 239-чакырымында жер көчүп, жол жабылды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Көчкү бүгүн, 23-августта, эртең менен саат 09:00дөр чамасында жүргөн, жалпы көлөмү болжол менен 4 миң куб метр. Жерине эки жүктөгүч, бир автогрейдер жана бир трейлер тартылып, жол тазаланууда.
"Азыркы тапта да көчкү акырындан жылып жатат. Толук кандуу жумуштар көчкү токтогондо жүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Ошого карабай бүгүн саат 18:00дө жол бир тараптуу ачылары болжолдонууда.
Ош облусундагы жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Кара-Сууда жер көчкү жүрүп, 39 киши коопсуз жайга көчүрүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0