Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россиялык аскерлер украин дрондорунун Москвага чабуул жасоо аракетин токтотту

© SputnikМосквага пилотсуз учуучу аппаратынын "Москва-Ситинин" аймагына кулаганынын кесепети
Москвага пилотсуз учуучу аппаратынын Москва-Ситинин аймагына кулаганынын кесепети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Жазылуу
Москванын мэри Сергей Собянин "Москва-Ситинин" аймагындагы кооптуулукту тиешелүү кызматтар текшерип жаткандыгын айткан.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Киевдин Москвага пилотсуз учуучу үч аппаратынын чабуулунда экөө система менен атып түшүрүлсө, бирөөнү радиоэлектрондук күрөштүн каражаттары иштен чыгарып, ал "Москва-Ситинин" аймагына кулады.
Россиянын Коргоо министрлиги 23-августтун таңында абадан кол салууга каршы системанын күчү менен Киев режиминин кезектеги террордук чабуул жасоо аракетинин мизи кайтарылганын билдиргенин РИА Новости жазды.
"Киев режиминин пилотсуз учуучу үч аппараты менен Москва шаары боюнча террордук чабуул аракети токтотулду. Алардын экөөнү Москва облусундагы Можайск жана Химки райондорунун асманында абадан кол салуудан коргогон система жок кылды", — деп билдиришкен министрликтен.
Үчүнчү дрондун тетиктерин радиоэлектрондук күрөштүн каражаттары иштен чыгарган. Башкарылбай калган аппарат "Москва-Сити" комплексинин курулуп жаткан имаратына тийип талкаланган.
Москванын мэри Сергей Собянин "Москва-Ситинин" аймагындагы кооптуулукту тиешелүү кызматтар текшерип жаткандыгын айтты. Аппарат келип тийгенден кийин кошуна жайгашкан беш кабаттуу имараттын бир нече терезесинин айнектери талкаланып кеткен.
Украинанын куралдуу күчтөрү соңку учурлары пилотсуз учуучу аппараттардын жардамы менен "Москва-Ситиге" чабуул коюу аракеттерин байма-бай жасап келет.
18-августта абадагы кол салуудан коргогон система пилотсуз аппаратты жок кылып, урандылары Экспоцентрдин аймагына түшүп, павильондун фасадын талкалап кеткен. Дагы бир дронду 10-августта атып түшүрүшкөн. 1-августта дагы үч учкучсуз аппарат Москвадагы жана Подмосковьедеги объектилерге чабуул коюуга аракет кылган. Бир дронду абадан кол салууга каршы система атып түшүрүп, экөө зыянсыздандырылып, "Москва-Сити" комплексинин аймагына кулаган. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген эмес.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн учкучсуз аппараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Новгород облусундагы аскердик аэродромго дрондор менен чабуул жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0