Казакстандын суу боюнча Кыргызстанга доосу жок. Расмий билдирүү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖалал-Абад облусундагы капчыгай. Архив
Жалал-Абад облусундагы капчыгай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2023
Жазылуу
Ведомство жетекчиси ЖМКларда кыргыз тарап сууну бербей жаап салган деген туура эмес маалымат тарап жатканын айтты.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Казакстандын суу боюнча Кыргызстанга эч кандай дооматы жок. Бул туурасында Суу ресурстары боюнча кызматтын башчысы Алмазбек Сокеев брифингде билдирди.
Ал Кыргызстандын сууну берүү боюнча бардык милдеттенмелерди аткаргандыгын белгиледи. Июль айында казак тарап Киров суу сактагычынан (Талас облусу) лимиттен алып берүүнү суранган. Кыргызстан өтүнүчтү аткарып, белгиленген көлөм 5-августта аягына чыккан.
"Кечээ казакстандык кесиптештер менен сүйлөштүм. Алар эч кандай көйгөй жок экендигин дагы бир ирет айтышты. Бул алардын өтүнүчү болду. Биз тарапка алардын суу боюнча эч кандай дооматы жок. Казак тарап суу маселеси чек арадагы кырдаалга себеп эмес экендигин айтышты", — деп билдирди Сокеев.
Анын айтымына караганда, ЖМКда кыргыз тарап сууну бербей жаап салган деген туура эмес маалымат тарап жатат.
"Ал жактагы жок суунун эмнесин жабабыз", — деди ал.
Аткаминер Чу дарыясы боюнча казак тарап сууну алып жатканын кошумчалады.
Эске салсак, бир нече күндөн бери Кыргызстандан чыгып бара жаткан фуралар чек арадан Казакстанга кире албай турат. Кыргызстандын Чек ара кызматынын соңку маалыматтарына таянсак, "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында 493 автоунаа бар (кечээ алардын саны 430 болчу). Ал эми экинчи "Кең-Булуң" көзөмөл-өткөрүү жайындагы өтө албай турган фуралардын саны 146га чыкты.
Бир суткада Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа кирген.
Чек ара кызматы эч кандай чектөө жоктугун, көзөмөл-өткөрүү жайлары адаттагы тартипте иштеп жаткандыгын айтышкан. Кырдаалдан улам "Ак-Тилектин" жанына айдоочулар үчүн чатырлар тигилген.
Чек арадагы фуралардын өтө албай топтолуп калышы боюнча Казакстандан да комментарий беришкен. Коңшу өлкөнүн каржы министри Ерулан Жамаубаев баңгизатын аныктоо боюнча операция болуп, Чек ара жана Улуттук коопсуздук комитети тарабынан тыкыр текшерүү жүрүп жатышы мүмкүндүгүн айткан. Ал "коммерциялык жүктөр боюнча эч кандай көрсөтмөлөр болбогонун" билдирген.
Ак-Тилек постунда жүк ташуучу унаалардын тыгыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Айыл чарба министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы узун кезек тууралуу үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0