Айтматовдун 95 жылдыгына карата Бишкекте эл аралык кинофестиваль өтөт

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүКинотеатрдагы көрүүчүлөр. Архив
Кинотеатрдагы көрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Жазылуу
Мындай иш-чара улуттук кинонун кадыр-баркын жогорулатуу максатында уюштурулууда.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 17-21-ноябрь күндөрү Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аталган иш-чара улуттук кинонун кадыр-баркын жогорулатуу, ата мекендик мыкты кинокартиналарды жайылтуу, кинематографисттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулууда. Кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат.
Маданий иш-чаранын программасында эл аралык жана улуттук кино сынагы, атайын көрсөтүүлөр, кинодолбоорлор питчинги камтылган.
Фестивалдын жыйынтыгында Чыңгыз Айтматов атындагы "Дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн" сыйлыгы, Бишкек мэриясынын сыйлыгы, Эл аралык киносынчылык сынагынын мыкты фильми үчүн калыстар тобунун сыйлыгы (ФИПРЕССИ), NETPAC калыстар тобунун байгеси, Кыргызстандын кинематографисттер союзунун сыйлыктары тапшырылмакчы.
Бий искусствосу-2023 эл аралык фестивалы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2023
Ош шаарында беш өлкөнүн бийчилери жөө жүрүш жасашты
Жаңылыктар түрмөгү
0