Америка БРИКСтен эмнеге чочулап жатат. Сенатордун ачыктамасы

© Sputnik / Владимир ТрефиловРоссия Федерациясынын сенатору Алексей Пушков. Архивдик сүрөт
Россия Федерациясынын сенатору Алексей Пушков. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Жазылуу
Буга чейин Америка президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан БРИКС тууралуу үн каткан.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. АКШ администрациясы БРИКСти геосаясий атаандаш катары көрбөй турганын айтып, "жүзүн сактап" калганга аракеттенүүдө. РИА Новости бул туурасында сенатор Алексей Пушков билдиргенин жазды.
Буга чейин Америка президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан АКШ БРИКСти олуттуу кабыл албай турганын билдирген эле.
"АКШнын администрациясы БРИКСти геосаясий атаандаш катары көрбөй турганын айтып, жүзүн сактап калганга аракет кылууда. Бирок БРИКС G7 болбой туруп эле баары бир геосаясий ролду ойнойт", — деген Пушков.
Анын айтымында, БРИКСке мүчө-мамлекеттердин жана блокко талапкер өлкөлөрдүн Батыштын антироссиялык санкцияларын колдоодон баш тартышын "геосаясий акт" катары караса болот. Өз ара соодада доллардан баш тартууга жасалган чакырыктай", — деген сенатор.
БРИКСтин саммити Йоханнесбургде 22-августта башталган, бүгүн жыйынтыкталат. Ага Кытай, Индия, Бразилия, Түштүк Африканын лидерлери катышууда. Россиянын атынан РФ ТИМ жетекчиси Сергей Лавров барды. Ал эми президент Владимир Путин саммитке видеоконференция аркылуу катышып, билдирүү жасады.
Соңку учурда экономикалык бул блокко 23 мамлекет мүчө болууга ынтызарлыгын билдирген.
Түштүк Африкадагы БРИКС саммити - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
БРИКСтин алгачкы жаңы мүчөлөрү ким болорун ЖМКлар жазды
Жаңылыктар түрмөгү
0