Диетолог стресстен оңой чыгууга жардам берчү азыктарды айтты

© Sputnik / Sputnik / Медиабанкка өтүүКулпуна. Архив
Кулпуна. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Жазылуу
Адис адамдын мындай учурда психологго кайрылганы туура экендигин, бирок айрым азыктар да ал абалдан чыгууга жардам берерин белгиледи.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Психологиялык-эмоционалдык оор абалдан чыгууга айрым азыктар да жардам берет. Бул тууралуу Sputnik радиосуна курган маегинде диетолог Андрей Бобровский айтып берди.
Адис адам стресске түшкөндө психологго барганы оң экендигине токтолду.
"Мындай учурда магний жана цинк көп болгон азыктарды жеш керек. Негизи организмде цинк, магний жетиштүү болсо адам оор учурларды жеңилирээк өткөрө алат. Мындан тышкары, омега-3, омега-6 жана фолий кислотасына бай азыктар да сунушталат", — деди ал.
Диетолог бул заттар кулпунай, апельсин, мандарин, грейпфрут, авокадодо көп экенин белгиледи. Ал эми чөп-чардын ичинен шпинат магнийге абдан бай.
"Скумбрия, салака өңдүү балыктар да стресске каршы турчу азыктар. Жаңгак, семичке да мээни сергитүүгө жардам берет. Сабиз жана башка катуу жашылчаларды жеп стресс абалдан чыгууга аракет кылса болот", — деп кошумчалаган Бобровский.
Гитара кармаган кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2023
Адис мээге аяр мамиле жасап, ага кам көрүүнүн жолдорун айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0