Нарын: селден жабыркаган 10 бүлөгө 1 млн. сомдон ашык акча берилди

© Sputnik / Алмазбек ОмурзаковНарын облусунда селден жабыркаган үй-бүлөлөргө 1 миллион 164,3 миң сом берилди
Нарын облусунда селден жабыркаган үй-бүлөлөргө 1 миллион 164,3 миң сом берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Нарын облусунда селден жабыркаган үй-бүлөлөргө 1 миллион 164,3 миң сом берилди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
© Sputnik / Алмазбек ОмурзаковНарын облусунда селден жабыркаган үй-бүлөлөргө 1 миллион 164,3 миң сом берилди
Помощь семьям, пострадавшим от наводнения в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Нарын облусунда селден жабыркаган үй-бүлөлөргө 1 миллион 164,3 миң сом берилди
Быйыл 13-июлда болгон селден Жумгал районунун Чаек жана Беш-Терек айылдарындагы жүздөн ашык турак жайды суу каптаган. Алардын ичинен камсыздандырылган 10 үй-жайга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 1 миллион 164,3 миң сом каражат бөлүнгөн.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын облусундагы филиалынын директору Арстанбек Алымканов быйыл жыл башынан бери облустун аймагындагы 13 турак жайга 1 миллион 242,3 миң сом каржылык колдоо көрсөтүлгөнүн билдирди.
Нарын районундагы Куланак айылындагы селдин кесепети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2023
Нарында 16 үйдү суу каптады. Сестенткен селдин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0