Казак акынына тартууланган аргымак чуусу боюнча Садыр Жапаров маек курду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Жазылуу
Мамлекет башчы 13-августта өткөн көк бөрү боюнча дүйнө кубогунда казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак белек кылган.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак тартууланышын сындап чыккан Казакстандын Айтышкерлер союзунун төрагасынын биринчи орун басары Аманжол Алтаевге жооп кайтарды.
Мамлекет башчы бул боюнча "Кабар" маалымат агенттигине маек курган.
Анда журналист "Алтаев казак элинин акыны катары көчөдөн эле бирөөнү көрсөтпөөгө чакырган. Буга кандай жооп берет элеңиз?" деген суроо узаткан. Жапаров элчи менен ырчыга өлүм жок экенин белгиледи.

"Ооба, мен да соцтүйүндөрдөн бир боорубуз Аманжол Алтаевдин кайрылуусун окуп калдым. Албетте, ыңгайсыз кайрылуу болду. Биринчиден, "элчи менен ырчыга өлүм жок" дейт. Элчилер элчилигин кылат. Ырчылар, болгондо дагы төкмө акындар кай жерде болбосун ыңгайына жараша төгүп ырдай беришет. Сындап ырдашат, мактап ырдашат, бир нерсе сурап ырдашат. Андан кемчилик же саясат издөөнүн кереги жок. Экинчиден, төкмө акын Биржан Калдыбаев кыргызга жээн болот экен. Мен казакка жээнмин. Кайчылаш таяке-жээн экенбиз. Менин бешинчи атам Солтонкулдун аялы Нооча энем казак кызы болгон. Үчүнчүдөн, кыргыз-казак сөз баккан элбиз. Эгер мен ошол учурда аргымак мингизбей койсом, качандыр бир убакта мени сөзгө жыгып ырдап чыкмак. "Таякем мени жөө узатты, таякемдин бир аргымакчалык алы жокпу" деп. Эгер мен ал жерге катышпасам, ал акындын ырдаганын укпасам башка кеп эле", — деди Жапаров.

Президент акын жээнинин сөзүнө калбаш үчүн аргымак мингизгенин белгиледи.
"Аманжол мырзага айтарым, эч кандай ыңгайсыз абалда калган жоксуз. Эч кандай саясат жок. Болгону төкмө акын жээнимдин сөзүнө калбайын деп гана аргымак мингизе салдым. Ал эми Биржан Калдыбаев кандай акын экенин чынында мен деле билбейм. Мурда таанычу да эмесмин. Аны көчөдөгү акын дептир. Азыр көчөдөгү акын болсо балким бара-бара казак-кыргыз элине таанымал акын болуп чыгып калар? "Бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын кан болорун ким билет" дейт. Жаш бала экен. Колдоп турсаңар, балким бара-бара таанымал акын болуп чыга келет. Казак менен кыргызды өзүбүздөн башка эч ким колдобойт. Бири-бирибизди колдоп турушубуз керек. Азыркы дүйнөлүк кырдаал курч болуп турат. "Казак менен кыргыздын ортосуна чок салып жиберсек" деп турган үчүнчү күчтөр дагы жок эмес. Андай адашуудан алыс болушубуз керек. Ортодогу ынтымакты бекем сактайлы. Ансыз деле аттын кашкасындай аз калкпыз", — деди президент.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 13-августта өткөн көк бөрү боюнча дүйнө кубогунда казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак белек кылып, Бишкекте күтүп жатканын айткан. Көп өтпөй талант ээсине аргымак тапшырылган.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Жапаров: 40 млн. доллар доого жыгылгандыктан Өзбекстанга 4 пансионатты бердик
Жаңылыктар түрмөгү
0