Акылбек Жапаров ЕАЭБ жыйынында жүктөрдү текшерүүдөн баш тартууну сунуштады

© Sputnik / Асатур ЕсаянцМинистрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Армениядагы кезексиз жыйынында
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Армениядагы кезексиз жыйынында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2023
Жазылуу
Жапаров тоскоолдуктарды четтетүү механизмдери ЕАЭБ сотунун компетенциясын толугу менен колдонууга тийиш деп эсептейт.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. ЕАЭБдин өз ара соодасындагы тоскоолдуктарды толугу менен жоюп, жүктөрдү текшерүү иш-чараларынан баш тартуу керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Армениядагы кезексиз жыйынында билдирди.
Ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кезексиз жыйынында бул максаттар үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын, ошондой эле башка санариптик инструменттер бар экенин эскертти.
"Жүктөрдү эркин жайгаштыруу кыска мөөнөттүү пайда көрүү жагынан гана эмес, алдыдагы жылдарга дүйнөлүк экономикадагы позициябызды бекемдөө үчүн да зарыл", — деген Жапаров.
Ал тоскоолдуктарды четтетүү механизмдери ЕАЭБ сотунун компетенциясын толугу менен колдонууга тийиш деп эсептей турганын айтты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бир нече жолу белгилегенин эске салды.
Буга чейин Экономика министрлиги Казакстан ЕАЭБ алкагында товарлардын эркин жүрүүсүн чектеп жатканын билдирген. Кыргызстандын демилгеси менен ЕЭК жана КР бийлик өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасынын "Ак-Тилек" пунктуна барышкан. Андан кийин казак тарап автоунааларды көбүрөөк өткөрүп баштаган.
РФ өкмөт башчысы Михаил Мишустин Армениядагы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Мишустин: ЕАЭБ жаңы өнөктөштөр үчүн ачык бойдон калууда
Жаңылыктар түрмөгү
0