Бишкек — Ош жолундагы кырсык: айдоочу жана үч кызы менен келин көз жумду

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүДарыяга түшкөн автоунаа. Архив
Дарыяга түшкөн автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2023
Жазылуу
23-августта чак түштө Чычкан суусуна Toyota Kluger менен кагышкан Honda Fit кулаган.
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы кырсыкта беш киши мерт болду, алар айдоочу жана бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин айтылды.
23-августта чак түштө Toyota Kluger жолтандабасы менен кагышкан Honda Fit Чычкан суусуна кулаганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдирди.
Turmush агенттиги жеңил автоунаада бараткан 32 жаштагы аял 4, 7 жана 15 жаштагы кыздары менен каза болгонун жазды. Булардан сырткары анын 13 жаштагы уулу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Агенттик аял Россиядан кичи мекенине келе жаткан, ал эми үй-бүлөнүн башчысы ал жакта калганын белгиледи.
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда Sprinter менен Toyota RAV4 кагышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Нарын: Sprinter менен Toyota RAV4 кагышып, 8 киши жарадар болду. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0