Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жыл соңуна чейин Бишкектин дагы 9 конушуна газ киргизилет

© Sputnik / Асель СыдыковаБишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев
Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2023
Жазылуу
Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев Бишкекти газдаштыруу деңгээли 66 пайызга жеткенин айтты.
"Газпром Кыргызстан" компаниясынын ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө 135 миңден ашык адам жашаган борбор калаанын 27 конушуна жаратылыш газы киргизилди. Бул тууралуу Жыргалбек Шамыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жыл соңуна чейин Бишкектин дагы 9 конушуна газ киргизилет
Анын айтымында, төшөлүп жаткан газ түтүктөрүнүн жалпы узундугу 218 чакырымды түзөт.
"Бишкектин жаңы конуштарын газдаштыруу "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын инвестициялык каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында ишкана Кырман конушуна газ бере баштаган. 2023-жылдын аягына чейин Бишкектин дагы 9 конушун газ менен камсыздоо пландалууда. Алар Төкөлдөш, Ак-Тилек, Ак-Тилек-Турбаза, Ак-Тилек-2, Ала-Арча, Бакай-Ата, Жогорку Көк-Жар, Попеновка, Товарная конуштарына тармактар коюлууда. Жаратылыш газы көмүр жана электр кубатына караганда үнөмдүүрөөк келет. Көмүр жакканда имараттын ичиндеги температура туруктуу болбойт. Убарасы да көп. Жанганда жылыйт да, өчкөндө кайра көмүр салганга туура келет. Электрди колдонгон газга салыштырмалуу кымбатыраак чыгат. Андыктан шаар тургундарын абанын булганышын кыйла азайтуу максатында жылуулуктун ушул түрүнө өтүүгө чакырам", — деди Шамыралиев.
Ал мэрия абанын кирдешин алдын алуу үчүн жасалган иштердин алкагында бишкектиктерге үйүнө газ менен жылыткан каражаттарды коюуга жеңилдетилген насыя берүү пландалганын эске салып, жакын арада бул каражат бериле баштаарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0