Учкуч Таранчиевдин эрдигин элге алып чыккан тарыхчы Түнтеевдин видеобаяны

Жазылуу
1933-жылы Кыргыз АССР Эл комиссарлар кеңешинин токтому менен республикалык авиаотряддын түзүлүшү менен Кыргызстандын жарандык авиациясы түптөлгөн. Адегенде бул авиаотряддын курамында айыл чарбага багытталган "У-2" деп аталган үч учак болгон.
Ал мезгилде СССРде учкуч болууну самаган жаштар көп эле. 1934-жылдын апрелинде ыктыярчылардын күчү менен Фрунзе аэроклубу ачылып, жаштар "У-2" машыктыруучу учагын айдаганды үйрөнүшкөн. Самолёттордон парашют менен да секиришчү. 1940-жылы Ысмайылбек Таранчиев да жогорудагы аэроклубдун курсанты болот. Анын кыялы аскердик учкуч болуу эле. 1941-1943-жылдары Ысмайылбек Оренбург шаарындагы аскердик авиациялык училищесинде окуйт. 1944-жылы ал Ленинград блокадасын алууга катышат. Ошол эле жылы Таранчиев айдаган Ил-2 учагы гитлерчилердин соккусунан күйүп, аткычы Алексей Ткачев менен учагын гитлерчилердин май куюучу жайында топтолгон танкаларды көздөй бурат. Экөө тең курман болот, анткен менен фашисттердин бир топ аскердик техникасын талкалоого үлгүрүшөт.
Таранчиев менен Ткаченконун эрдиги тууралуу документтерди тарыхчы Назарбек Түнтеев 43 жылдан кийин архивден тапкан. Чогулган материалдардын негизинде "Наградить посмертно" аттуу китебин чыгарган адис менен жолугуп, кызыктуу маек курдук.
"1986-жылы мага Кыргыз ССРинин ДОСААФынын Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары полковник Тарас Токомбаев кайрылды. "Улуу Ата Мекендик согушта Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй кыштагынын тургуну Ысмайылбек Таранчиев дайынсыз жоголуптур. Анын документтерин таап берчи" деп өтүндү. Адегенде 1940-жылы Фрунзе аэроклубунун архивинен Таранчиевдин окуганы тууралуу маалыматты таптым. Ысмайылдын туугандары, теңтуштары жана полктоштору менен баарлашып дагы маалымат топтодум. Таранчиевдин досу Түйтөн Молдобаев Ысмайылбектин учкуч болот деп эч ким ойлобогонун айтып берди", — деп сөзүн баштады тарыхчы.
Ал 1987-жылы Подольск шаарындагы СССРдин борбордук аскердик архивинен 1944-жылы 20-мартта 566-чабуул коюучу Солнечногорск полкунун командири майор Николай Домущей, кенже лейтенант Ысмайылбек Таранчиев Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу деген төрт барактан турган мүнөздөмө тапканын айтып берди. Аны менен бирге аткыч Алексей Ткачев болгону да тастыкталган. Экөөнүн баатырлыгын тастыктаган документ 43 жылдан кийин гана табылган.
Түнтеев Таранчиевге СССР Баатыры наамынын ыйгарылуусуна Апсамат Масалиев, Калыйнур Үсөнбеков, Аскар Акаев, Эднан Карабаев чоң эмгек өтөгөнүн айтып берди.
Тема боюнча:
Таран ыкмасы менен душманды талкалаган Ысмайылбек Таранчиев. Баатырды эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0