Ошто негизги футбол стадиону оңдолуп бүттү. Видео

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОшто негизги футбол стадиону оңдолуп бүттү
Ошто негизги футбол стадиону оңдолуп бүттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ошто Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадион оңдолду.
Спорттук арена 62 жыл мурда курулган, андан бери оңдоо иштери аткарылган эмес. Бирок быйыл май айында капиталдык ремонт иштери башталган.
Стадиондун инфраструктурасы толук жаңыртылып, 11,5 миң орундук алмаштырылды. Бийлик муну менен Азия футбол конфедерациясынын талаптарын аткарды. 31-августта Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн алкагында мында спорттук иш-чаралар уюштурулат.
Реконструкцияга республикалык жана жергиликтүү бюджеттик эсептен 20 миллиондон ашык сом кетти.
Бул аренада адатта Оштун "Алай" клубу оюндарды өткөрөт.
Барселона командасынын легендарлуу футболчулары Роналдиньо жана Пуйоль. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Кыргызстанга Роналдиньо, Пуйоль сыяктуу "Барселонанын" легендалары келет
Жаңылыктар түрмөгү
0