Кант диабети пандемияга айланды. Эндокринолог Саттарованын маеги

© Sputnik / Асель АкматЭндокринология борборунун эндокринологу Дилбар Саттарова
Эндокринология борборунун эндокринологу Дилбар Саттарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Жазылуу
Кант диабетинин өрчүшүнө ашыкча салмак да түрткү болот. Илдетти дарылоо өтө кымбат, андан толук сакайып кетүүгө болбойт.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Эндокринология борборунун эндокринологу Дилбар Саттарова болду. Биз кант диабетинин кескин көбөйүп жатканы жана оорунун табияты тууралуу сүйлөштүк.
— Акыркы он жылда кант диабети эки эсе көбөйүп кеткени айтылат.
— Кант диабети Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө медикосоциалдык проблема болуп эсептелет. Муну азыр пандемия катары атап калдык. Анткени оорулуулардын саны кескин көбөйүп жатат. Бейтаптардын так санына токтолсок, 2022-жылдагы каттоодо өлкө боюнча 78 500 кишиден оору аныкталган. Булардын 30 миңи инсулин алат. 18 500 адам бизде расмий каттоодо турат, анын 300ү жаш балдар. Жалпы 900 бала кант диабетине чалдыккан. Ашыкча салмактагы кишилер кант диабетине тез кабылат.
— Оору пайда болгондо кандай белгилер менен коштолот? Биринчи, экинчи типтеги кант диабетинин айырмачылыгы эмнеде?
— Кандагы канттын деңгээли нормадан ашып кеткен учурда адам диабетке чалдыгат. Муну көптөгөн ооруларды бирге алып жүргөн система катары айтсак болот. Оору тукум кууйт. Кандагы холестерин менен кан басымы жогору, ашыкча салмак менен жүргөн 45 жаштан өйдөкү курактагы адамдар тобокел тобуна кирет. Ошол себептен алар бир жылда бир текшерилип коюшу керек. Кант диабетинин классификациясы боюнча биринчи жана экинчи тиби кеңири жайылган. Башка түрлөрү кээ бир илдеттерден улам пайда болот. Генетикалык ооруларда, гормоналдык препаратты ичкенде канда канттын деңгээли жогорулап баштайт. Ал эми гестациялык диабет кош бойлуу кезде пайда болушу мүмкүн. Оорулуулардын 80-90 пайызын экинчи тип түзөт. Ал эми 10-15 пайызы биринчи типтеги кант диабетине кирет. Биринчи типтегилер 30 жашка чейинки курактагылар. Аларды бир гана инсулин менен дарылайбыз. Эч кандай дары жардам бере албайт, демек, булар инсулинсиз жашай албайт. Бул типтеги кант диабетинин белгилери өтө тез өрчүйт, бейтаптар ашып кетсе бир-эки айдын ичинде доктурга кайрылууга аргасыз болот. Экинчи типтеги кант диабетинин белгилери көп билинбейт. Байкаса деле маани бербей, дарыгерге кайрылбай жүрө берет. Булардын организминде клеткалардын сезгичтиги басаңдап кеткендиктен оору анча сезилбейт. Адатта таблетка менен гана дарыланып, оору кабылдап кеткен учурда гана инсулин алышат.
© Sputnik / Асель АкматЭндокринология борборунун эндокринологу Дилбар Саттарова: кандагы канттын деңгээли нормадан ашып кеткен учурда адам диабетке чалдыгат. Муну көптөгөн ооруларды бирге алып жүргөн система катары айтсак болот. Оору тукум кууйт.
Эндокринолог Дильбар Саттарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Эндокринология борборунун эндокринологу Дилбар Саттарова: кандагы канттын деңгээли нормадан ашып кеткен учурда адам диабетке чалдыгат. Муну көптөгөн ооруларды бирге алып жүргөн система катары айтсак болот. Оору тукум кууйт.
— Кайсы типтеги кант диабети тукум кууйт?
— Биринчи типтеги кант диабети толугу менен тукум кууйт деп айтууга болбойт. Генетикалык деңгээлде көйгөйлөр жаралып калса гана балдарында диабет пайда болот. Иммундук клеткалар уйку бездеги бета клеткаларын талкалап, андан инсулин жакшы чыкпай калат. Аутоиммундук процесстен же вирустук инфекциялардан биринчи типтеги диабет келип чыгат. Коронавирустан кийин да бул оорунун саны көбөйдү.
Углеводдор кандагы кантты жогорулатат. Нан, сүт-айран жана жер-жемиштер организмде глюкозага айланат да клеткаларга өтүп кетет. Ал клеткаларга кире албай калса, кан тамырдын ичинде кант көбөйүп, бөйрөк аркылуу ал өзү менен кошо суюктуктардын баарын сыртка айдай баштайт. Адам кечке эле заара кылып, суусап, тамак жесе да арыктай бергени ушундан.
Статистика боюнча бул ооруга чалдыккандардын арасында аялдар же эркектер көп ооруйт деп бөлүп карай албайбыз. Бирок экинчи типтеги кант диабети жаш балдарда көп кездешкендиктен жашарып жатканы айтылат. Жыл сайын мектепте медициналык кароо өтөт. Ашыкча салмак менен жүргөн балдардын канындагы канттын деңгээлин текшерип туруу керек.
— Көп учурда бейтаптарга инсулин жетпей жатканы айтылат. Азыр дары-дармек менен камсыздоо жагы кандай?
— Кант диабетин дарылоо абдан кымбат. Биринчи типтеги бейтаптарга бир күндө беш жолу инсулин сайылат, 5-7 жолу канттын деңгээлин текшерип турат. Дүйнөлүк маалыматтар боюнча, Саламаттык сактоо министрлигинин жалпы бюджетинин 15-20 пайызы ушул бейтаптарга сарпталат. Инсулиндин эки түрү бар. Биринчиси чоңдор алуучу гендик инженердик инсулин. Ал эми жаш балдар аналогдорун алат. Экөөнүн айырмасы бар. Аналогдор сайгандан кийин дароо эле эффект берет. Ал эми чоңдордуку 20-30 мүнөттөн кийин гана жыйынтык берет. Аналогу бир калыпта эффект берсе, гендик инженердик түрү жогору карай жүрүп отуруп туу чокусуна чыкканда кандагы канттын деңгээлин аябай түшүрүп салат да, кайра ылдый жайлап эффект берип баштайт. Мамлекет Европадан кымбат инсулиндерди алып келип, биринчи типтеги бейтаптарга бекер берет. Негизи аналогдору кымбат турат. Мыйзам боюнча 29 жашка чейинки бейтаптарды инсулин менен мамлекет камсыздайт. Мындан тышкары, эндокринологиялык-диабеттик ассоциациянын да салымы чоң. Кант диабети менен ооругандар медициналык мекемелерде бекер тейленип, лабораторияларга акы төлөбөйт.
© Sputnik / Асель АкматДилбар Саттарова: дүйнөдө кант диабетин дарт эмес, жашоонун бир образы катары кабылдашат. Демек, бул оору аныкталгандан кийин өзүн таштап салууга болбойт. Диабетти колго албаса, ал жашооңду башкарат.
Эндокринолог Дильбар Саттарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Дилбар Саттарова: дүйнөдө кант диабетин дарт эмес, жашоонун бир образы катары кабылдашат. Демек, бул оору аныкталгандан кийин өзүн таштап салууга болбойт. Диабетти колго албаса, ал жашооңду башкарат.
— Кант диабети менен ооругандар өзүн кандай алып жүрүшү керек?
— Кант диабети бул дүйнө жүзү боюнча углеводдук зат алмашуунун бузулушу деп айтылат. Ал эми ашыкча салмактуулук — зат алмашуунун бузулуусу. Бирок ашыкча салмак оору катары эсептелбейт. Дүйнөдө кант диабетин дарт эмес, жашоонун бир образы катары кабылдашат. Демек, бул оору аныкталгандан кийин өзүн таштап салууга болбойт. Диабетти колго албаса, ал жашооңду башкарат. Анткени акырын жүрүп отуруп жарылуучу бомба болот. Кандагы канттын деңгээлин, кан басымды жана кандагы холестеринди улам текшерип турса бул оору жамандык алып келбейт. Сөзсүз түрдө дарыгердин көзөмөлүндө болуп, анализдерин убагында тапшырып туруу кажет. Жаш балдарда канттын деңгээлинин нормативи өзүнчө. Ал эми чоңдордо ачкарын кезде жетиден ашпашы керек. Тамак жегенден кийин 9дан 10го чейин болушу шарт. Муну орточо норма катары айтабыз. Кант нормадан ашып кетсе айланадагы органдардын клеткаларын жеп баштайт. Ар бир органдын чоң жана кичине кан тамырлары болот, ушулар жабыркайт. Ошол себептен диабет менен ооругандар көп инсульт же инфаркт алышат. Кандагы кант деңгээлинен ашып кетсе ретинопатияга кептеп, бөйрөктүн гемодиализге түшүп калышын, буттун жабыркоосун шарттайт.
— Бул оорудан толук сакайып кетүү мүмкүнбү?
— Мүмкүн эмес. Азыр ашыкча салмактагы адамдарга метаболикалык операцияларды жасап жатышат. Мында ашказанынын жарымын жана ичегидеги углеводдорду сиңирүүчү жеринин бир бөлүгүн кесип алып салышат. Муну диабеттен сакайтуу катары жаңылыш кабыл алышууда. Семиздер баары бир кант диабетине чалдыгуу тобокелдиги күч топто кала берет. Тамактан кийин канда канттын деңгээли 0,01 миллимоль литрге ашыкча болсо кант диабети аныкталат. Башкысы туура тамактанып, көп кыймылдап, стресстен алыс болуу кажет. Күнүнө 10 миң кадам же 45 мүнөт басуу керек.
Гепатит жугузганын билбей жүргөндөр көп. Гепатолог Азимбаеванын видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Гепатит жугузганын билбей жүргөндөр көп. Гепатолог Азимбаеванын видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0