Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Султаналиева: балдарды мекенчилдикке үйрөтсөк салык төлөө маданияты да өсөт

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик салык кызматынын атайын салыктарды контролдоо бөлүмүнүн улук инспектору Айнура Султаналиева
Мамлекеттик салык кызматынын атайын салыктарды контролдоо бөлүмүнүн улук инспектору Айнура Султаналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын атайын салыктарды контролдоо бөлүмүнүн улук инспектору Айнура Султаналиева салык төлөө маданиятын мектептен баштоо зарылдыгын айтты.
Салык кызматы учурда ар түрдүү тренингдерди өткөрүүдө. Алар мектеп окуучуларына, студенттерге арналган. Максаты — жаштар арасында салык төлөөнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү. Бул тууралуу Айнура Султаналиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Султаналиева: балдарды мекенчилдикке үйрөтсөк салык төлөө маданияты да өсөт
Анын айтымында, ак ниет салык төлөгөн коомдун өсүп жетилишине ата-энелер да салым кошушу абзел.
"Биз салык төксөк экономикабыз көтөрүлүп, социалдык маселелер өз убагында чечилерин түшүнүшүбүз шарт. Муну балдарыбызга да жеткирип турушубуз керек. Эгер келечек муунду мекенчил кылып тарбияласак, аларда салык төлөө маданияты да жогору болот. Андыктан Мамлекеттик салык кызматы эле эмес жалпы коом ак ниет салык төгүүчү жаранды өстүрүп чыгуу зарылдыгын сезиши керек. Өз кезегинде мамлекет да карап отурбай элге түрдүү жеңилдиктерди, ыңгайлуулуктарды түзүп берет", — деди Султаналиева.
Ал салык боюнча суроолор жаралса 116 кыска номерине чалса болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0