Ысык-Көлдүн тургундары урологдун кароосунан бекер өтө алышат. Убакыт-сааты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүВрач. Архивдик сүрөт
Врач. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун тургундары урологго акысыз көрүнө алышат. Бул тууралуу Кыргыз-Россия Славян университетинин маалымат кызматы кабарлады.
Урологиялык саламаттык жумалыгы 19-24-сентябрь күндөрү өтөт. Дарыгерлер, аспиранттар жана окуу жайдын урология кафедрасынын ординаторлору элди Каракол шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин имаратында кабыл алышат.
Медиктер ички органдарды текшерип, кан басымын өлчөп, кан, заарадан анализ алышат. Мындан тышкары, консультациялык жардам көрсөтүү каралган.
Медик. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2023
Бишкекте эхинококкоз боюнча бүткүл дүйнөлүк конгресс өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0