Кыргызстанда жолтандабастар менен кроссоверлердин баасы кандай өзгөрдү? Инфографика

Жазылуу
Кыргызстан агенттиги автоунаалардын базардагы баасы менен тааныштырып келет. Бул ирет жолтандабастар менен кроссоверлердин баасы бир айда кандай өзгөргөнүн билдик.
Мониторинг autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg (сандар дээрлик айырмаланбайт) ресурстарында жүргүзүлгөн. Окурмандардын ыңгайы үчүн ар бир үлгүдөгү автоунаанын орточо баасы көрсөтүлдү.
Суроо-талап күч автоунааларга төмөнкүлөр кирди:
Lexus GX 470;
Honda CR-V;
Toyota RAV4;
Lexus RX 350;
Subaru Forester;
Volkswagen Touareg;
Toyota Landcruiser;
Kia Sportage;
Mitsubishi Pajero;
Hyundai Santa Fe.
Биринчи анализ июлдун соңунда, доллар 87,6 сом болуп турганда жүргүзүлгөн (Улуттук банктын курсу). Акыркысы 25-августта жасалды. Анда америкалык валютанын баасы 88,2 сомго жеткен.
Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында көпчүлүк автоунаалар кымбаттады. Өткөн ай менен салыштырсак, 200-500 долларга жогору болду.
Биз сатуучулар сураган бааны көрсөтөбүз. Бул сумма так ушундай дегенди билдирбейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0