ЖМК: АКШ конгрессинде Байдендин импичментине киришүү маселеси көтөрүлдү

© AP Photo / Andrew HarnikАКШ президенти Жо Байден
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Жазылуу
Гезит республикачылардын бир нечеси импичмент маселесин карап баштоо боюнча олку-солку да болуп турганын белгилеген.
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасындагы бир катар республикачылар сентябрда президент Жозеф Байдендин импичменти боюнча процедураны баштоо керек деген маселени көтөрүүдө. Бул тууралуу РИА Новости Hill басылмасына таянып кабарлады.
Буга чейин аталган палатанын өкүлү Маржори Тейлор Грин Байдендин импичментинин процедурасынын алкагындагы иликтөө сентябрда башталышы мүмкүндүгүн айткан.
"Азыр болбосо качан? Бизде импичментти өткөрүү үчүн... жетиштүү далилдер топтолгон", — деген АКШнын Түштүк Каролина штатынан өкүл болгон республикачы Ральф Норман.
Гезит муну менен катар эле республикачылардын бир нечеси импичмент маселесин карап баштоо боюнча олку-солку болуп турганын белгилеген.
"Кызматтан кетирүүнүн алкагында иликтөө жүргүзүү үчүн олуттуу кылмыш кылганы же тартип бузганы боюнча жөн эле боолголоо эмес, так далилдер керек. Аны башташ үчүн бизде конкреттүү далилдер болушу шарт", — деген Hill басылмасына берген маекте Небраска штатынын өкүлү республикачы Дон Бэкон.
Буга чейин АКШнын өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккарти республикачылар чогулткан маалыматтардын негизинде Байдендин импичменти боюнча маселени көтөрсө болорун билдирген эле.
Маккарти Жозеф Байден менен анын баласы Хантердин коррупциялык иштерге тиешелүүлүгүнүн ыктымалдуулугу иликтөөнү баштоого жол ачарын айткан. Конгрессчи мындай процедура АКШнын мыйзам чыгарган органынын Америка лидерине карата зарыл болгон процедураны жүргүзүү үчүн маалымат топтоого өбөлгө болорун белгилеген.
Америка президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Конгрессте Байдендин импичменти боюнча сунуш киргизишти
Жаңылыктар түрмөгү
0