Машыгуунун алдында ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси брифинг өткөрдү. Видео

Жазылуу
Жакын арада Беларустун аймагында ЖККУнун мүчө-өлкөлөрү катышкан биргелешкен машыгуу болот.
ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров бул иш-чаранын кандай өткөрүлө турганы, максаты туурасында айтып берди.
Муну менен катар эле ал биргелешкен ыкчам жана аскердик даярдык боюнча суроолорго да жооп берүүгө басым жасады.
Анатолий Сидоров маневрлардын алкагында ага канча жоокер катышып, канча сандагы аскердик техника пайдаланыларын да айтып берди.
Видеоконференция түрүндө болгон брифингге коргонуу ведомстволору менен каттоодон өткөн ЖМКлардын өкүлдөрү катышкан.
Сидоров Кыргызстанда боло турган машыгуу туурасында да айтты.
Иш-чара 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Беларустун аскер полигонунда өтөт. ЖККУга мүчө-өлкөлөрдөн башка байкоочу катары Сауд Арабиясы, Иран, Кытай жана Монголия чакырылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0