Кыргызстанга кирген инвестициялардын үчтөн бир бөлүгү ЕАЭБге туура келет

© Sputnik / Жоомарт УраимовЕАЭБ өлкөлөрүнүн желектери. Архив
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргызстанга салынган түз инвестициялардын үчтөн бир бөлүгүнөн ашыгы ЕАЭБ мамлекеттерине туура келет.
Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматтары боюнча, I кварталда 49 мамлекеттен 170,9 миллион долларлык түз инвестиция жасалган.
Алдыңкы үчтүккө кирген мамлекеттер:
Россия — 44 миллион 759,6 миң доллар;
Кытай — 29 миллион 351,8 миң доллар;
Улуу Британия — 17,8 миллион доллар.
Эгер ЕАЭБ мамлекеттерин ала турган болсок, Россиядан, Казакстандан, Армениядан жана Беларустан жалпы жонунан 58,4 миллион доллар инвестиция кирген. Бул чет элдик инвестициянын көлөмүнүн 34 пайызын түзөт.
Дарыгер кабыл алуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эли Кыргызстанда жеңилдетилген меджардамды кантип алат?
Жаңылыктар түрмөгү
0