Оштогу Терешкова интернатына жатакана курууга 308 млн. сомго конкурс жарыяланды

© Sputnik / Медиабанкка өтүүЖатаканада куруу иштери. Архив
Жатаканада куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Жазылуу
Утуп чыккан ишканага бир жылдын аралыгында куруп бүткөрүү талабы коюлат.
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ош шаарында Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатка 500 орундуу жатакана курууга конкурс жарыяланды.
Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы Мамлекеттик сатып алуулар порталына заказчы катары жайгаштырган. Аталган курулушка 308 миллион сом сунушталган.
Конкурска катышууну каалган компаниялар 2-сентябрга чейин табыштама жөнөтүшү шарт. Утуп чыккан ишканага бир жылдын аралыгында куруп бүткөрүү талабы коюлат. Алар фундаментинен баштап ачкычын бергенге чейинки иштерди аткарууга жана тегерек-четин жашылдандырууга милдеттендирилет.
Бишкекте муфтияттын жаңы имараты ачылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2023
Бишкекте муфтияттын жаңы имараты ачылды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0