ЖККУда Кыргызстанда боло турган машыгуу туурасында айтышты

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери ЖККУнун машыгууларында. Архив
Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери ЖККУнун машыгууларында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Жазылуу
Беларуста жакында уюмдун машыгуулары башталат, ошондой иш-чара Кыргызстанда өтөт.
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун (ЖККУ) Бириккен штабынын начальниги Анатолий Сидоров Кыргызстанда өтө турган аскерий машыгуулар туурасында айтып берди.
Дүйшөмбү күнү ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын башкаруу органдары менен күчтөрүн түптөөгө болгон даярдыгынын тегерегинде брифинг өттү.
Анда Кыргызстанда өткөрүлө турган машыгуунун жүрүшүндө кризистик аймактагы чатактан кийинки кырдаалды жөнгө салуу, гуманитардык жардамдарды таратып берүү иштери боюнча машыгышат. Ал ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасында күчтөр менен каражаттарды пайдаланып тынчтыкты орноткон операцияларды аткаруу менен жасалмакчы.
Бул машыгууда эмнелерди көрүүгө болот:
тынчтык орнотуучулар жаматтарынын бөлүктөрүнүн блокпосттордогу, фильтрация жайларындагы иштери жана ӨКМ менен биргеликте жабырлангандарды кабыл алуу милдеттерин аткаруу;
колонналарды жана жүктөрдү коштоп жүрүүдө, калктуу конушту тосууда жана текшерүүдө тынчтык орнотуучулар жаматтарынын аракеттери;
гуманитардык жардамды таратууда колонналарды коштоп жүрүү жана ӨКМге көмөк көрсөтүү.
Ушу тапта Кыргызстанда өтө турган машыгууга байкоо салчу тараптарды чакыруу боюнча макулдашуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Ал эми азыркы иш-чара 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Беларустун аскер полигонунда өтөт. Байкоочу катары Сауд Арабиясы, Иран, Кытай жана Монголия чакырылган.
Аскердик бул иш-чара Жамааттык коопсуздук кызматташуу уюмунун аскердик күчтөрүнүн ар кыл бөлүктөрүн бириктирет:
ЖККУнун Тез арада аракетке келүүчү жамааттык күчтөрүнүн "Взаимодействие-2023" деп аталган биргелешкен машыгуусу. Алар Чыгыш Европа аймагындагы кризистик кырдаалды жөнгө салуу үчүн күчтү жана каражатты колдонуу боюнча тапшырмаларды аткаруу ыкмаларын иштеп чыгат;
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн чалгын каражаттары жана күчтөрү менен "Поиск-2023" атайын машыгуусун өткөрүү;
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аскерлерин (жамааттык күчтөрүн) материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу күчтөрү жана каражаттары менен "Эшелон-2023" атайын машыгуусун өткөрүү;
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин радиациялык, химиялык, биологиялык коргонуу жана медициналык камсыздоо боюнча түзүмдөрү менен биргелешип "Барьер-2023" машыгуусун өткөрүү.
ЖККУнун "Боевое братство" машыгуусунда басым пилотсуз учуучу аппараттарга жана аларга каршы күрөш жүргүзүү иштерине жасалмакчы. 2023-жылы биргелешкен жана атайын машыгууларда 3700гө чукул жоокер 700дөн ашуун курал жана техникалар менен катышмакчы.
ЖККУнун аскердик машыгуулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2023
Беларуста өтчү ЖККУнун машыгуусуна Кыргызстан да катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0