Кыздарды сойкулукка тарткан деп Бишкектеги саунанын администратору кармалды

© AFP / JOHAN ORDONEZКишенчен аял. Архив
Кишенчен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкекте кыздарды сойкулукка тарткан деп сауналардын биринин администратору кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 31 жаштагы К.Ю. аттуу аял саунанын кардарларына интим-кызмат көрсөткөн кыздарды таап берип, ал үчүн материалдык пайда тапканы аныкталган.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган аял менен тергөө кызматы иштеп жатат.
Саунадагы аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2023
Бишкекте саунада сойкукана уюштурган деп 41 жаштагы аял кармалды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0