Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленский АКШнын коопсуздук кепилдиги туурасында айтып берди

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраина президенти Владимир Зеленский жана АКШ башчысы Жо Байден. Архивдик сүрөт
Украина президенти Владимир Зеленский жана АКШ башчысы Жо Байден. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский АКШ Киевге "Израиль үлгүсүндөгү" коопсуздук кепилдигин берерин маегинде айткандыгын РИА Новости жазды.
"Америка Кошмо Штаттары менен бизде, кыязы, курал да, машыгуу да, финансы жана ушул сыяктуу башкалар аралашкан израилдик модель болот", — деген Зеленский Наталья Мосейчукка маек берип жатып.
Ал АКШнын Ак үйүнүн азыркы кожоюну Жозеф Байден келе жаткан президенттик шайлоодо жеңилип калса да келишим бузулбай тургандыгын, себеби бул маселе боюнча Конгресс чечим чыгарып койгондугун айткан.
АКШдагы келерки шайлоо 2024-жылдын ноябрына пландалган. Саясий лидерлик боюнча жарышты былтыр ноябрда экс-президент Дональд Трамп жар салган. Ал эми жазда Байден да президенттик жарышка катышууну чечкенин айткан. Эгерде ал шайлоодо жеңип чыкса, Американын эли 82 жаштагы президенттүү болот.
Ал эми Россия менен Украина темасына келе турган болсок, Зеленский адамдарынан көп жоготуу болбосо "узак мөөнөткө каршылашууга" даяр экендигин жана Россиянын түпкүрүнө тереңдеп кирбей кармашуу керектигин билдирген.
Украина 4-июнда Түштүк Донецкиге, Артемовскиге жана Запорожье багытында контрчабуулун баштаган. Киев режими согушка НАТО даярдаган күчтөр менен чет элдик техникаларды салган. Россия лидери Владимир Путин каршылаш тарап согушта майнаптуу эч нерсе кыла албагандыктан, Батыштагы кураторлордун контрчабуулдардын жүрүшүндө аларга ичи чыкпагандыгын айткан.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг (оңдо) жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Батыш чарчап бүттү. Украина колдоосуз калчудай...
Жаңылыктар түрмөгү
0