Казакстанда ММА мушташтарын көрсөтүүгө чектөө киргизилет

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир ММА. Архивное фото
Турнир ММА. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Жазылуу
Мындай чара балдар арасында зордук жана мыкаачылыкты азайтуу максатында колдонулууда.
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Казакстанда эрежесиз мушташтарды (ММА) трансляция кылууга чектөө киргизилет. Бул туурасында өлкөнүн маалымат жана коомду өнүктүрүү министри Дархан Кыдырали билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.
Министрдин айтымында, чара балдар арасында зордук жана мыкаачылыкты азайтуу максатында колдонулууда.
"Мындай программаларды көргөн өспүрүмдөр, өзгөчө, окуучулар ошол ыкмаларды колдонууга аракет кылып бири-бирине кол көтөрөт. Кээде өзүбүз да зордук экенин байкабай эле WhatsApp аркылуу таратып жиберебиз. Мисалы, интернетте кыздар мушташып, балдар бири-бирин аёосуз уруп жаткан видеолорду бөлүшүшөт. Баарыбызга белгилүү болгондой эле зордук-зомбулук мыкаачылыкка алып барат", — деди Кадырали.
Телевизор көрүп аткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2023
Бийлик балдардын коопсуздугу үчүн тыюу салынган нормаларды бекитти. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0