Советтик илимпоздор Кыргызстанда 60 ири ГЭС курса болорун айткан. Энергетикадагы алака

© Sputnik / Борис УшмайкинКурпсай ГЭСинин курулушу. Архивдик сүрөт
Курпсай ГЭСинин курулушу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Жазылуу
Советтик илимпоздор 1930-жылдары Кыргызстандын энергетикалык потенциалын толук изилдеп, келечекте өлкөдө ондогон гидроэлектростанция курууга мүмкүн экендигин аныктаган. Кийин ал долбоорлордун айрымдары ишке ашып, коңшу республикалар менен болгон алака жакшырган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги союз учурундагы энергетикадагы абалды, коңшулар ортосундагы карым-катнашты кеңири айтып берет.
Мындан жүз жыл мурун советтик илимпоздор кыргыз жергесинин кокту-колотун аралап, республика аймагына 60тан ашык ири ГЭС курууга мүмкүн экендигин айткан. Окумуштуулар Чаткал, Нарын, Көкөмерен, Чу өңдүү дарыялардын мүмкүнчүлүктөрүн эсептеп, жогору жактагы аткаминерлерге сунуш-пикирлерин берген. Алардын изилдөөлөрүнүн негизинде алгачкы гидроэлектростанциялар Сары-Өзөн өрөөнүндө курула баштайт. Бирок 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы менен курулуштун көбү токтоп, эл өз күчүн фронттогу советтик жоокерлерге жардам жиберүүгө жумшаган. Согуш аяктап СССРде жай турмуш орноп, жетекчилер 30 жыл мурунку изилдөөлөрдү ишке ашырууну колго ала баштайт. Согуштун айынан артка кеткен элдик чарба да өз жолуна түшүп, мамлекет башындагылардын ири курулуштарды баштоого жолу ачылат. Ошентип 50-жылдары Кыргыз ССРи өзүнүн гидроэнергетикалык потенциалын колдонууга кадам таштап, Нарын дарыясын бойлото ири курулуштар башталат. Алгач Үч-Коргон ГЭСи салынып, ал 1961-жылы колдонууга берилет, андан соң бир катар гидроэлектростанцияда курулуш күнү-түнү жүргөн.
50 жылдан ашык энергетика системасында эмгектенген ардагер Болот Иманалиев ири долбоорлорго көпчүлүк советтик ишканалар, жалпы эл катышкандыгын айтып берди.
© Sputnik / Мирбек Сакенов50 жылдан ашык энергетика системасында эмгектенген ардагер Болот Иманалиев
Экс-глава Токтогульской ГЭС, заслуженный энергетик КР Болот Иманалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
50 жылдан ашык энергетика системасында эмгектенген ардагер Болот Иманалиев
"ГЭСтерди куруу Москвадан каржыланып, жасалган иш москвалыктардын көзмөлүндө болчу. Мисалы, Токтогул ГЭСине жыл сайын 25-30 миллион рубль жумшалчу. Ага СССРдин 22 ири заводунан оор техниканын түрү алып келинип, майда-барат тетик, жабдуулар менен 100дөн ашык ишкана камсыздачу. Курулушка зарыл болгон адистердин көбү Москвадан жана башка советтик шаарлардан келчү, катардагы жумушчулар кыргызстандыктар эле. Агрегат, турбиналар Ленинграддан, генераторлор Новосибирск шаарынан буюртма менен жасалчу. Чоң трансформаторлор да Россиядан ташылып келчү. Мисалы, Камбар-Ата-2 ГЭСинин генератору менен турбинасын союз учурунда Ленинграддагы заводго буюртма бергенбиз. Кыргызстан көз карандысыз болгон жылдары Камбар-Ата-2де иш токтоп калгандыктан аны 20 жылдан кийин гана алып келип орнотконбуз. Барсак заводдо ошол бойдон туруптур", — деди Иманалиев.
Кийинки жылдары Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ГЭСтери курулган. Алардын ичинен Токтогул ГЭСинин курулушу эле 13 жылда бүткөрүлгөн.
© Sputnik / Георгий Зельма

Токтогул ГЭСинин курулушу

Токтогул ГЭСинин курулушу - Sputnik Кыргызстан
1/3

Токтогул ГЭСинин курулушу

© Sputnik / Сергей Субботин

Күрп-Сай ГЭСинин курулушу

Күрп-Сай ГЭСинин курулушу - Sputnik Кыргызстан
2/3

Күрп-Сай ГЭСинин курулушу

© Sputnik / А. Хрупов

Таш-Көмүр ГЭСинин курулушу

Таш-Көмүр ГЭСинин курулушу - Sputnik Кыргызстан
3/3

Таш-Көмүр ГЭСинин курулушу

1/3

Токтогул ГЭСинин курулушу

2/3

Күрп-Сай ГЭСинин курулушу

3/3

Таш-Көмүр ГЭСинин курулушу

Кыргыз ССРинин өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Болот Иманалиев ал кезде союздук деңгээлдеги долбоорлордо башка республикалардын кызыкчылыктарын эске алганын кошумчалайт.
"Токтогул суу сактагычынын бир максаты электр энергиясын өндүрүү болсо, экинчиден, коңшу республикалардын айдоо аянттарын сугат суу менен камсыздашы керек болгон. Суу сактагычтын аркасы менен Өзбекстан, Казакстандын айдоо аянттарына өз убагында тиешелүү деңгээлде суу жетчү. Ошондон улам Советтер Союзу жалпы кирешенин 60-70 пайызын коңшу республикалардан алчу. Себеби жазында, жайында суу жакшы барганда Казакстан менен Өзбекстан жашылча, мөмө-жемиш, пахтадан жакшы түшүм алышчу. Кирешенин калган бөлүгү электр энергиядан түшчү. Мындайча айтканда, Кыргызстан өндүргөн электр энергиясына караганда топтолгон суудан көп киреше табар эле", — деди Иманалиев.
© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүТоктогул суу сактагычы
Плотина Токтогульской ГЭС - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Токтогул суу сактагычы
Союз маалында гидроэлектр станцияларынын курулушу менен кошо республикада электрлештирүү жараяны жүргөн. Керектүү электр чубалгылар, трансформаторлорду Кыргыз ССРинде тогуз ишкана чыгарган. Ал учурду КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, техника илимдеринин доктору Карыпбек Алымкулов мындайча эскерет:
"СССРдин Электр-техникалык өнөр жай министрлиги генератор, трансформатор сыяктуу электр жабдууларын чыгарган ишканаларды көзөмөлдөсө, Энергетика министрлиги электр станцияларынын курулушун, электр жарыгын алууну карачу. Ошол маалда республикадагы энергетикалык ишканалар союздук мекеме деп саналып, Энергетика министрлиги аларды өзү көзөмөлдөп турган. Эки министрлик өз ара өтө тыгыз иштечү. Анткени жаңы каскад курулса, ага керектүү адистер, кабель, чубалгы, жабдуулар зарыл эле. Бизде "Тяжэлектромаш", "Кыргыз электродвигатель", "Электровакуумдук машина куруу", "Электроизолит", "Электр лампасы", "Электрокабель" сыяктуу электр-техникалык тогуз ишкана бар болчу. Борбор калаада Электр машина куруу илимий-изилдөө институту, долбоорлоо-конструкторлоо институту иштеген. Ал электр продукциялары башка республикаларга салыштырмалуу бизге өтө кымбат түшүп калчу, бирок иштечү. Анткени бизде жез, алюминий, изоляциялоочу материалдар чыкчу эмес. Чийки зат сырттан алып келингендиктен мамлекет ал ишканаларды элди иш менен камсыз кылуу үчүн гана иштетчү", — деди Алымкулов.
Ата мекендик гидроэнергетикада ишке ашкан ири долбоорлордун аркасы менен жергиликтүү адистер тажрыйба топтоп, башка республикалардын энергетикалык курулуштарына катышканга да жарап калган.
Өлкөнүн эмгек сиңирген куруучусу, КРдин Баатыры Курманбек Арыков союз учурунда топтогон тажрыйба кийин керекке жарап, ата мекендик энергетиктер 90-жылдары Якутияда ГЭС курганын айтат.
© Фото / Бибимариям НурматоваӨлкөнүн эмгек сиңирген куруучусу, КРдин Баатыры Курманбек Арыков
Ветеран-энергетик Курманбек Арыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Өлкөнүн эмгек сиңирген куруучусу, КРдин Баатыры Курманбек Арыков
"Кыргыз ССРинде гидроэлектростанциялар курула баштаганда негизинен башка республикадан келгендер басымдуулук кылчу. Бара-бара кыргыз балдар атайын курстардан окуп айдоочу, кран айдоочусу, ширетүүчү, бетонщик адистиктерине ээ боло баштады. Мисалы, мен түшкү тамакты ичип келе калып башка улуттагы ширетүүчүлөрдүн кылганын жанталашып карап, ширетүүнү өздөштүргөм. Энергетиктердин шаары делген Кара-Көлгө башка советтик республикадан жаштар көп келчү. Россия практиканттарды жөнөтөр эле. Союз ыдырагандан кийин биз Шамалды-Сай ГЭСинин 3-агрегатын ишке киргиздик. Андан кийин жумуш такыр эле токтоп калды. 1995-жылы Якутиядагы Вилюйский ГЭСинин курушуна катыштык. Ал жакта бизге чейин келген украиналык жумушчулар бар экен. Бир бригада болуп барган кыргыздарды алгач жаман көрүп, булар эмне кыла алышмак эле дешкен. Кийин биздин ынтымакташып жумуш кылганыбызды көрүп таң калышты. Кыргыздар баарыбыз жапа тырмак бүт баарын эле жасай берчүбүз. Бетонун куюп, арматура токуп, монтаж кылып, кранды да башкарып жиберчүбүз. Ошентип россиялыктардын чакыруусу менен эки-үч жыл барып иштеп бердик. Айрымдары ошол жакта калып азыркыга чейин түрдүү кызматтарды аркалап келет", — деди Арыков.
Эске сала кетсек, энергетика тармагы боюнча Борбор Азиядагы союздук республикалардын жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары да туташ болгон. Аймактагы бирдиктүү энергошакекчеге КыргызССРи, Өзбек ССРи, Казак ССРи, Түркмөн ССРи, Тажик ССРи кирип, аймактагы электр энергиясы эффективдүү пайдаланылган. Мисалы, Казакстандын түндүгүндө өндүрүлгөн электр энергиясын түштүк аймагына жоготуу менен жеткиргендин ордуна Токтогул ГЭСинен чыккан жарыкты кыргыздар казактарга берген. Азыр да ал электр шакекчеси аркылуу коңшу республикалар өз ара эсептешип, электр жарыгын алышып-беришип ички керектөөлөрүн бири-биринин жардамы менен жаап келет.
Бир ГЭС бүтө электе экинчиси башталчу. Ардагер энергетик Иманалиевдин видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2023
Бир ГЭС бүтө электе экинчиси башталчу. Ардагер энергетик Иманалиевдин видеомаеги
Жогорку вольттуу электр линиясынын мачтасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2022
Учурда электр энергиясы кантип таратылууда? Энергошакекче тууралуу 6 суроого жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0