Жапаров: Жалал-Абад Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айланат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Жалал-Абадда акын Түмөнбай Байзаков атындагы жаңы борбордук проспектини ачты
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда акын Түмөнбай Байзаков атындагы жаңы борбордук проспектини ачты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Жазылуу
Жакынкы мезгилде Жалал-Абад шаарынын башкы планы өзгөртүлүп, аймагы кеңейтилери айтылды.
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2023-жылы Жалал-Абад шаарын Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилген. Бул максатка 2 миллиард сом бөлүнө турганын президент Садыр Жапаров аталган шаарда акын Түмөнбай Байзаков атындагы жаңы борбордук проспектини ачып жатып билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы чогулгандарды алдыда келе жаткан майрам — өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ал ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп, урпактарына аманат калтырган көз карандысыздыгыбызды жана мамлекеттин бекемдигин сактоону каалады.
"Ала-Тообузга, Ата мекенибизге байланыштуу ыйык сезимдерибиз керемет ыр саптарына айланган. Мамлекеттик символубуз болгон гимн дагы ак мөңгүлүү аска-зоолуу Ата мекенибиз менен башталат. Өз кезегинде эл арасында экинчи гимн катары кабыл алынган "Кыргыз жери" ыры да кыргыз жеринин табиятына суктануу сөздөрү менен башталат. Алыста жүрүп, мекенин сагынган мекендештерибиздин жүрөгүндө, мамлекеттик деңгээлде уюштурулган чоң майрамдарда ар дайым ушул ыр саптары жаңырып турат", — деди президент.
Мамлекет башчы ушул саптарды жараткан кайталангыс талант Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата министрлер кабинетинин 2023-жылы республикалык деңгээлде өтүүчү мааракелик иш-чаралардын тизмесинде экенин ырастады.
Ошол эле учурда президент жакында Түмөнбай Байзаковго (көзү өткөндөн кийин) Кыргыз Республикасынын "Эмгек баатыры" артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол коюлганын билдирди.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2023-жылы Жалал-Абад шаарын Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилген

Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2023-жылы Жалал-Абад шаарын Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилген - Sputnik Кыргызстан
1/3

Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2023-жылы Жалал-Абад шаарын Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилген

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Бул максатка 2 миллиард сом бөлүнө турганын президент Садыр Жапаров аталган шаарда акын Түмөнбай Байзаков атындагы жаңы борбордук проспектини ачып жатып билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

Бул максатка 2 миллиард сом бөлүнө турганын президент Садыр Жапаров аталган шаарда акын Түмөнбай Байзаков атындагы жаңы борбордук проспектини ачып жатып билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
2/3

Бул максатка 2 миллиард сом бөлүнө турганын президент Садыр Жапаров аталган шаарда акын Түмөнбай Байзаков атындагы жаңы борбордук проспектини ачып жатып билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчы чогулгандарды алдыда келе жаткан майрам — өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ал ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп, урпактарына аманат калтырган көз карандысыздыгыбызды жана мамлекеттин бекемдигин сактоону каалады.

Мамлекет башчы чогулгандарды алдыда келе жаткан майрам — өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ал ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп, урпактарына аманат калтырган көз карандысыздыгыбызды жана мамлекеттин бекемдигин сактоону каалады. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Мамлекет башчы чогулгандарды алдыда келе жаткан майрам — өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ал ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп, урпактарына аманат калтырган көз карандысыздыгыбызды жана мамлекеттин бекемдигин сактоону каалады.

1/3

Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2023-жылы Жалал-Абад шаарын Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилген

2/3

Бул максатка 2 миллиард сом бөлүнө турганын президент Садыр Жапаров аталган шаарда акын Түмөнбай Байзаков атындагы жаңы борбордук проспектини ачып жатып билдиргенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады

3/3

Мамлекет башчы чогулгандарды алдыда келе жаткан майрам — өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Ал ата-бабаларыбыз кылымдар бою күрөшүп, урпактарына аманат калтырган көз карандысыздыгыбызды жана мамлекеттин бекемдигин сактоону каалады.

Садыр Жапаров, мындан тышкары, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында 2023-жылы Жалал-Абад шаарын Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айлантуу үчүн атайын план бекитилгенине токтолду.
"Өлкөбүздөгү чоң-чоң шаарларды өнүктүрүүгө мындай каражат биринчи жолу берилип жатканын белгилей кетейин. Чындыгында эле шаар макамын алып жүргөн калктуу пунктуларыбыз шаар деген атка татыктуу болушу зарыл. Бул суммага шаарда буга чейин болбогон ири курулуштар жүрүп, социалдык-экономикалык багыттагы ондон ашык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Азыр биз турган мына ушул көчө да жогоруда аталган каражаттын эсебинен жаңыланды. Мындан сырткары, учурда шаардын көптөгөн ички жолдорун оңдоо жумуштары кызуу жүрүп жатат. Долбоорго бир катар өндүрүштүк ишканалар жана социалдык объектилерди куруу да камтылган. Быйыл Жалал-Абад шаарында курулуш жылы болду десем жаңылышпайм. Муну баары шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багытталат", — деди мамлекет башчы.
Президент ошондой эле жакынкы мезгилде калкынын саны жыл сайын өсүп бараткан Жалал-Абад шаарынын башкы планы өзгөртүлүп, аймагы кеңейтилерин билдирди.
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Садыр Жапаров 15 пансионат 49 жылга ижарага берилерин айтып, шартын атады
Жаңылыктар түрмөгү
0