"Барса" менен Азия легендаларынын беттешин кайдан көрсө болот? Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБарселона футбол клубунун мурдагы оюнчулары КР Президенти Садыр Жапаров менен Жалал-Абадда
Барселона футбол клубунун мурдагы оюнчулары КР Президенти Садыр Жапаров менен Жалал-Абадда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Жазылуу
Оюн саат 20:00дө башталып, ар бир тайм 30 мүнөткө созулат.
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. "Барселона" футбол клубунун мурдагы оюнчулары менен Борбор Азия легендаларынын беттешин кайдан көрүүгө болорун оюндун уюштуруучулары айтып берди. Оюн бүгүн, 30-августта, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат.
Эгер стадионго жетпей калсаңыз, анда беттешти:
ЭлТР телеканалынан же анын социалдык тармактагы баракчаларынан;
Билим-Илим (ЭлТР телеканалы);
КТРК Спорт;
Кыргыз спорт каналынан көрсөңүз болот.
Түз эфир болжол менен саат 19:40та башталат. Оюндун ар бир таймы 30 мүнөткө созулат.
Эске салсак, "Барсанын" легендарлуу оюнчулары 28-30-август аралыгында Кыргызстанда болушат. Алар испаниялык клубдун Жалал-Абаддагы академиясынын ачылыш аземине катышат. Ушундай эле академиянын Бишкектеги имаратынын курулушуна капсула салуу пландалууда. Франшизаны жергиликтүү компания сатып алган. Анын алкагында "Барселона" менен Борбор Азия легендаларынын жолдоштук беттеши уюштурулуп, анда президент Садыр Жапаровдун ойной турганы маалым болгон.
Мурдагы испаниялык футболчу Карлес Пуйоль - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Кыргызстанга келген Карлес Пуйолду кантип тосуп алышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0