Бишкекте коомдук транспорт тилкесине кызматтык унааларды да киргизүү каралууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Тез жардам кызматы. Архив
Бишкектеги Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Жазылуу
Атайын тилкелер Нуркамал менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнөн башталган.
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн жол тилкеге автобус, троллейбустарды эле эмес, башка транспортторду да киргизүү пландалууда. Бул тууралуу вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов Sputnik радиосуна билдирди.
Атайын тилкелер Нуркамал менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнөн башталган. Экинчи этап менен Байтик баатыр көчөсүнөн Жибек жолу проспектине чейинки аймак, андан соң Жибек жолу, Профсоюз көчөсү жана Чүй проспектисине салынары айтылган.
© SputnikИ.о. заместителя мэра Бишкека Максат Сазыкулов
И.о. заместителя мэра Бишкека Максат Сазыкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
"Бул жол тилкелерине велосипед, самокат тепкендерди, "Тазалык", "Жашыл чарба" ишканаларынын, тез жардам, ӨКМ сыяктуу кызматтык автоунааларды чыгарууну карап жатабыз. Мэр келечекте лицензиясы бар таксилерге да уруксат берүүгө тапшырма берди. Алар салык төгүп, экологиялык транспорт, мисалы, электрокар айдаган таксисттер болуп саналат. Бул маселелер азырынча талкуулоо стадиясында. Акыркы чечим чыга элек", — деди Сазыкулов.
Ошондой эле ал бул борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча концепциясынын бир гана бөлүгү экенин белгиледи. Аны иштеп чыгууга эксперттер чакырылган.
 Түндүк — Түштүк альтернативдик жолундагы узундугу төрт чакырымга чукулдаган эң чоң Көк-Арт тоннели казылып бүттү. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Түндүк — Түштүк жолундагы эң чоң тоннелди казуу иштери аяктады
Жаңылыктар түрмөгү
0