II КМШ оюндарынын чемпиону Нурзат: спортко жеңишке жетүү максаты менен келдим

© Фото / предоставлено Нурзат НуртаевойСпортчу Нурзат Нуртаева. Архивдик сүрөт
Спортчу Нурзат Нуртаева. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Жазылуу
Спортчу Нурзат Нуртаева Беларустун Минск шаарында өткөн II КМШ оюндарында чемпион аталды. Аталган мелдеште Кыргызстандан жалгыз алтын алган спортчу мекенине дагы көп байге алып келерине ишенет.
Sputnik Кыргызстан редакциясында конокто кыз-келиндер боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү, U20 дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси Нурзат Нуртаева жана анын жеке машыктыруучусу Азамат Рыскулов болду. Биз спортчунун карьерасы, дүйнө чемпионатына даярдыгы, жетишкендиктери тууралуу сүйлөштүк.
© Sputnik / Асылбек БактыбековКыз-келиндер боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү, U20 дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси Нурзат Нуртаева жана анын жеке машыктыруучусу Азамат Рыскулов
Член женской сборной Кыргызстана по борьбе Нурзат Нуртаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Кыз-келиндер боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү, U20 дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси Нурзат Нуртаева жана анын жеке машыктыруучусу Азамат Рыскулов
— Кыздарыбыз күрөштө ийгиликтерди жаратууда. Алардын арасында сиздин да атыңыз атала баштады. Алгач өзүңүздү тааныштырсак...
Нурзат Нуртаева: — Негизи күрөштү 15-16 жашымда Таласта, айыл жергесинен баштагам. Спортко бир аз кеч келдим. Себеби үй-бүлөм күрөштү "кыз кишиге ылайык эмес" деп каршы болушту. Анын үстүнө айылда спорт зал жок, коңшу айылга барууга туура келчү. Жол алыс. 5-класстан бери эле күрөшкө кызыгып жүрүп, айылымдагы Улан Рахманкулов агайдын колунда машыктым. Элеттен көтөрүлүү кыйын. Ошол себептен 17 жашымда шаарга келе бергем. Төрт жылдан бери Үсөн Рыскулов, Максат Рыскулов жана Азамат Рыскулов агайларым менен биргеликте иштеп жатабыз.
Ал эми КМШ мамлекеттеринин ортосундагы мелдеш абдан жакшы аяктады. Окуу-машыгууну Ысык-Көлдө өткөргөнбүз. 72 килограмм салмакта жалпысынан төрт беттеш өткөрдүм. Оңой болгон жок. Агайым килемге чыгарда мага мотивация берип турду.
— Коомчулукта кыздардын күрөшүүсүнө терс карагандар да жок эмес. Сиз бул пикирлерди кантип жеңип, ийгилик жаратууга бел байладыңыз?
Н.Н.: — Чоочун адамдарды койдум, үйдөгү ата-энем, бир туугандарым эле аябай каршы болгон. Бирок менин күрөшкө болгон кызыгуум күч болду. Көздөгөн максатыма элдин сөзү таасир эте албайт. Мен аларга көңүл бурбайм. Тескерисинче, алар бутумдан чалып тоскоолдук жараткан сайын күчтөнөм. Спортко дүйнөлүк чемпионатта, олимпиадада жеңишке жетүү максаты менен келдим.
© Фото / предоставлено Нурзат НуртаевойСеребряный призер чемпионата мира среди юниоров Нурзат Нуртаева
Серебряный призер чемпионата мира среди юниоров Нурзат Нуртаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Серебряный призер чемпионата мира среди юниоров Нурзат Нуртаева
— Азамат, Нурзаттын өзгөчөлүктөрү, көргөн даярдыктар тууралуу айтсаңыз?
Азамат Рыскулов: — Беларустун Минск шаарында өткөн II КМШ оюндарынын чемпионатына беш кыз барган. Жалпы бир алтын, бир күмүш, бир коло медаль алдык. Колубуздан келишинче жакшы даярданганбыз. Жол жүрүп бир аз кыйналып калдык. Жеткен күндүн эртеси эле беттеш башталып, эс ала албадык. Нурзат мүнөзүнүн курчтугу менен алтынга жетти. Эки беттеши абдан оор өттү. Финалда да 4:0 менен утулуп келе жатып акыркы секундда 4:4 менен теңеп жеңишке жетти.
— "Тулпардын туягынын мыктылыгы саяпкеринен көз каранды" дешет. Азыр күрөштө тактикалар да өсүп жатат. Шакиртиңиз эмнеси менен мыкты?
А.Р. — Нурзат алгач атам менен байланышып анан командага келген. Дароо эле мүнөзүн байкадык. Алдыга койгон конкреттүү максаты бар. Нурзатка тапшырма бергенден кийин кайра текшербейм, себеби ишенем. Айтканыңды айткандай кылат. Абдан жоопкерчиликтүү. Эң башкысы спортчу жүрөктүү болуп, башын иштетсе эле килемде ийгиликти багынтат. Мунун баары Нурзатта бар. Төрт жылдан бери жакшы эле жыйынтыктарга жетишип жатабыз. Эң биринчи жолу 2019-жылы Астанадагы жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло алган. Андан кийин 23 жашка чейинкилер жана 20 жашка чейинки спортчулар арасында өткөн Азия чемпионаттарында күмүш, 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында да күмүш алды. Былтыр жалаң күмүш медаль менен куржунду толтурган. Быйыл, буюрса, биринчи алтынды алдык.
© Sputnik / Асылбек БактыбековТренер по женской борьбе Азамат Рыскулов
Тренер по женской борьбе Азамат Рыскулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Тренер по женской борьбе Азамат Рыскулов
— Ушул төрт жыл аралыгында Нурзаттын күрөшүү техникасы кандай өзгөрдү?
А.Р.: — Ар бир спортчунун деңгээли, артыкчылыктары, өзгөчөлүктөрү же кемчиликтери болот. Ошого жараша машыктырабыз.
Эркек балдарга караганда кыздар менен иштешүү кыйын. Кыздар бир аз назик келет. Бирок бир жакшы жери кыз кишинин табиятында эрегишүү сапаты күчтүү өрчүгөн. Ошондуктан спортчу кыздардын арасында атаандаштык жаратып коёбуз. Ал машыгууда жакшы жыйынтык берет. Ар бир машыктыруучунун тактикасы бар. Мен дагы мыкты агайлардан үлгү алганга аракет кылам, сурайм. Машыктыруучу болуп иштеп баштаганыма 7-8 жылдай болуп калды. Ошондуктан кыздарды машыктыруу менен өзүм да изденип жатам.
Нурзат бутка жакшы киргендиктен бут менен көп иштеп жатабыз. Ар бир каршылашка өзүнчө тактика коёсуң. Анткени кыз-келиндер күрөшү абдан өнүгүп жатат. Коңшу өлкөлөрдүн машыктыруучулары да тынбай иштеп, күчтүү кыздар көп. Төрт жыл аралыгында спортчу катары бир топ өстү. Буюрса быйыл 72 килограмм салмакта чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатына биринчи жолу барат. Бир ай убакыт калды.
— Спортто психология абдан маанилүү. Бирок биздин спортчулар психологиялык жактан эмоцияга алдырып коюп, далай алтындан кол жууган. Бул боюнча иштеп жатасыздарбы?
А.Р.: — Спортто тартип болбосо болбойт. Катуу айтчу жерден катуу айтып, акылдашчу жерден акылдашабыз. Кыздар финалда утулуп калган учурда алгач анализдейбиз. Эмне үчүн утулуп калды, эмне жетпей калганын өздөрү менен бирге талкуулайбыз. Негизи мелдешке баары даярданат, бирок психологиялык жактан ким даяр болсо ошол утат. Килем үстүндө утуп же утулуп баратканда эмоцияга алдырып жибербеш керек. Көбү даярдыгы, тактикасы жетип турса да ушундан алдырат. Психологиялык жактан спортчуларды өзүбүз даярдаганга туура келет. Спорттук психологдор Кыргызстанда жокко эсе.
© Фото / предоставлено Нурзат НуртаевойСеребряный призер чемпионата мира среди юниоров Нурзат Нуртаева
Серебряный призер чемпионата мира среди юниоров Нурзат Нуртаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Серебряный призер чемпионата мира среди юниоров Нурзат Нуртаева
— Жеңишке жеткенде кандай сезимде болдуңуз? Ошондогу психологиялык абалыңыз, эмоцияңыз менен бөлүшсөңүз?
Н.Н. — Алгачкы ийгилигим — Азия чемпионатында коло медаль тагынганым болду. Бирок мен күрөштүн босогосун аттагандан эле алтын алууну максат кылгам. Коло алганымда ызаланып ыйлагам, ошол кезде Үсөн агайымдын "машыкканыңа бир жыл болсо да жакшы жыйынтык көрсөттүң, баары алдыда" деген сөзү дем берген. Акыркы мелдештеги алтын алганым менин карьерамдагы эң кубанычтуу күн. Тартип менен режимди бекем кармайм. Кийин машыктыруучуга жана өзүмө жеңил болушу үчүн машыгуудан себепсиз калбайм. Азыр жаш кыздар күрөшкө абдан кызыгып жатат. Биздеги кыздардын улуусу болгондуктан аларга үлгү болушум керек. Ар бир спортчунун өзүнүн адаты же ырымы болот. Айрымдар мелдешке чыгарда ашыкча киши менен сүйлөшпөйт же музыка угат. Мен "жараат алып калбайын" деп бассам-турсам тилек кылам.
Анан да машыктыруучуларыбыз менен бир туугандай мамилебиз бар. Үсөн Рыскулов агайым экинчи атамдай болуп калды. Мелдештин алдында жана кийин кыздарды үйүнө чакырып, эт салып коноктоп, дасторкон үстүндө акыл-насаатын айтат. Ушул киши менен ийгиликтерге жетем деп ишенип келгем. Командасына алганда аябай сүйүндүм.
— Килем үстүндөгү процессти айтсаңыз. Кээде тактикадан чыгып кеткенде, утуп же утулуп баратканда кандай ойлор келет?
Н.Н.: — Күрөш маалында залдын ичи ызы-чуу болот. Бирок кызыгы кулагыңа машыктыруучунун эле үнү угулат. Килем үстүнө чыгарда дайыма кандай болсо да "өзүмдүн ыкмамды жасайм" деп чыгам. Мурда утулуп баратканда ызаланып, "азыр жетишпей калсамчы, убакыт бүтүп калса эмне болот" деп чый-пыйым чыгып кетчү. Азыр мен "ута алам, жеңем" деген ишеним менен күрөшүп калдым. Анткени агайымдын дайыма "сен утасың, колуңдан келет, ишенем" деген сөздөрү мага стимул берет.
© Sputnik / Асылбек БактыбековЧлен женской сборной Кыргызстана по борьбе Нурзат Нуртаева
Член женской сборной Кыргызстана по борьбе Нурзат Нуртаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Член женской сборной Кыргызстана по борьбе Нурзат Нуртаева
— Сиздер машыктыруучу катары килем үстүндөгү спортчуларга кандай кеңеш берип турасыздар?
А.Р.: — Секундант болгон мезгилде күрөштүн жүрүшүнө көз салып турасың, анын багытына жараша дем бересиң. Кээде утууга мүмкүнчүлүгү турса да спортчу бошой баштайт. Ошо кезде "бошобо, ала аласың. Бутка кир, дагы мынча мүнөт бар" деген сыяктуу багыт берип, ыкмаларды айтып турушуң керек.
Н.Н. — Үч мүнөт күрөшүп бүткөндөн кийин 30 секунддук дем алуу болот. Ошондо экинчи демди алабыз. Машыктыруучунун ошондогу сөзү, багыты аябай жардам берет.
— Ал эми азыр спорттук медицина өтө тездик менен өсүп жатат. Практикада допингден улам медалынан айрылып калган спортчулар да бар. Антидопинг департаменти менен кандай иштешесиздер?
Н.Н.: — Биз ар бир витаминди, дарыны врачыбыздын көзөмөлүндө ичебиз. Жылына эки жолу ушул темада сабак өтүп кетишет. Калган тамактануубуз кадимкидей эле.
© Photo / UnitedworldwrestlingЧемпионат мира среди спортсменов до 20 лет
Чемпионат мира среди спортсменов до 20 лет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Чемпионат мира среди спортсменов до 20 лет
— Азыр Европа мамлекеттери менен катар Япония да күрөштөн алдыда. Күчтүү атаандаштарга каршы кандай ыкмаларды колдоносуздар?
А.Р.: — Мелдештин алдында кагаз кармашкандан кийин атаандаштар белгилүү болуп калат. Ошол кезде ал кыздын күрөшүн көрөбүз. Күчтүү жана алсыз жактарын анализдеп, ага каршы тактика даярдайбыз. Негизи бардык эле машыктыруучулар ушундай схема менен иштейт.
Сербияда өтө турган дүйнө чемпионатына аз эле убакыт калды. Эмдиги жылы Олимпиада өтө тургандыктан, бул лицензия ойнотулуучу турнирлердин бири. Мында алдыңкы бештикке кирген спортчулар лицензия утат. Нурзат турнирден келгенден кийин бир аз эс алды. Эми эки жумадай машыгуу көнүгүүлөрүн жасап, андан кийин килем үстүндө машыгууга өтөбүз.
Алдыда ушул дүйнөлүк чемпионат жана 23 жаштагылар арасындагы дүйнө чемпионаты турат.
Н.Н.: — Мен да учурда өзүмдү жакшы сезип жатам. Жаңыдан машыгууну баштадым. Буюрса утам деген ойдомун. Учурда 72 салмактагы америкалык, япониялык жана казакстандык үч күчтүү атаандашым бар экенин билем. Ошентсе да даярдык жакшы. Өзүмдүн салмагым 72 килограмм. Бирок Олимпиадага Мээрим Жуманазаровадай 68 килограмм салмакта катышкым келет.
“Жети чоку” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып келе жаткан альпинисттердин бири — Кадыр Сайдилкан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Кадыр Сайдилкан: Эверестке чыкканым менен арманым ичимде калды
Жаңылыктар түрмөгү
0