Элдик курултай Бишкекте 15-декабрда өтөт

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРБишкектеги элдик курултай. Архивдик сүрөт
Бишкектеги элдик курултай. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Жазылуу
Иш-чарага бул сапар 700 делегаттын (былтыр ноябрда миң адам болгон) келерин айтышты.
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Элдик курултай Бишкекте 15-декабрда өтөрүн президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Бул боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Аталган иш-чарага бул сапар 700 делегаттын (былтыр ноябрда миң адам болгон) келерин айтышты.
Декабрда болчу элдик жыйын мыйзам менен бекитилген документтин негизинде өтмөкчү. Былтыркы курултай мамлекет башчынын жарлыгы менен болгон эле.
Курултайды өткөрүп, анын ишин жөнгө салуу боюнча уюштуруу комитети боюнча убактылуу жобо бекитилген.
Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Абыкеев: төңкөрүш болсо депутаттар качып кетет, курултайчылар чогулушу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0