Эсеп 2:0! “Барса” Азия легендаларын биринчи таймда артта калтырды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Барселона" футбол клубунун мурдагы оюнчулары менен Борбор Азия легендаларынын беттеши
Барселона футбол клубунун мурдагы оюнчулары менен Борбор Азия легендаларынын беттеши  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Бүгүн, 30-августта, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Барселона" футбол клубунун мурдагы оюнчулары менен Борбор Азия легендаларынын беттеши өтүп жатат.
Биринчи тайм 2:0 эсебинде “Барсанын” пайдасына аяктады.
Биринчи голду каталониялык Жовани дос Сантос киргизди. Ал эми экинчи голдун ээси Хуан Пабло Сорин болду.
Президент Садыр Жапаров биринчи таймда оюн талаасынан чыгып, анын ордуна Хуршед Махмудов кирди.
Футболчулар 15 мүнөттүк тыныгуудан кийин экинчи таймдын оюнуна чыгышты.
Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, жаңы стадиондун курулушуна капсула салды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Бишкектин четиндеги Орок айылында 35 миң орундуу стадиондун курулушу башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0