1-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги мектептердин биринде билим күнүн белгилөө. Архивдик сүрөт
Бишкектеги мектептердин биринде билим күнүн белгилөө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Жазылуу
1-сентябрга караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Нарындын тоолуу райондорунда жамгыр жаашы ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болот.
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Жумада күндүз республиканын тоолуу жерлеринде жаан себелеши ыктымал, ал эми дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23...+28, Талас аймагында +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл чөлкөмүндө +20...+25 жана Нарын жергесинде +21...+26 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +24...+26, Ош калаасында +29...+31 градусту көрсөтөт.
Бишкеке Кытайдан алып келинген жаңы автобустар  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Бишкекте жаңы 200 автобус каттамга чыкты. Маршруттун схемасы
Жаңылыктар түрмөгү
0