Санатына түкүргөндөр көбөйдү. Кыргызды эл кылып сактап келген өзөк

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЭгемен күнүн майрамдоо. Архивдик сүрөт
Эгемен күнүн майрамдоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Жазылуу
Эгемен эл, түптүү түзүлүш күнү кут болсун, дөөлөтүбүз кубаттуу болсун. Ушул күндү утурлай мамлекеттүүлүктү кармап, сактап турган элдүүлүк, анын ичиндеги түптүү түшүнүктөр тууралуу сөз кылып көрөлү.

Тизгин жаяр

Ар нерсенин жолу бар дейт кыргыз. Ошондуктан байыркы башаттын аруу экенин, тунук экенин, улук экенин моюндайт. Өз жолун билет, билбесе туюнат. Жөнү жок иш кылбайт. Байыртан уланган нарктын шексиз чындыгын тааныйт.
Ошон үчүн ар кандай агымдар, баалуулуктар, көз караштар тынымсыз каптап, көкүрөктөгү чындыкты туш тараптан тытмалап жатса да азчылык-көпчүлүгү ага алдырып, өз баалуулугун танайын десе да, чанайын десе да түпөйүлдүк боюн бийлеп, арсар.
Арсар коомдо жашап жатканыбыз төгүн эмес. Технологияны кууп акылыбыз алдыга кетти деп төш какканыбыз менен көкүрөгүндө элдик наркы жок, өзүндө кишилик баалуулугу жок, тээ байыркынын нур жибин үзөм деген, нарк, санатына түкүрөм деген тек-жайын күтө албастар көп. Анын себеби муундан-муунга уланышы керек болгон жөрөлгөлөр жүрө-жүрө кыскарып, маңызы унутулганында болуп жүрбөсүн.
Айтайын дегеним — тириктик эмес биликтикке аракет. Элдин эсин жаңылап эски түшүнүктөргө жан салуу тилегим бар…

Каада түшүнүгү

Каада — кыргыздын жашоо нускасындагы белгилүү бир учурга, маанилүү бир жагдайга, түрдүү көрүнүшкө карата түптөлгөн жол. Ал жол миңдеген доорлордун сынынан өтүп, мерчемсиз мезгилдин элегинен иргелип, сансыз кылымдардын кыйырынан калчанып уланып келет. Анын чындыгы акылга сыйгыс. Ошондуктан кечээ жаралган сиз менен биз ага сынчы боло албасыбыз чын.
Каада — кыргыздын элдик баалуулуктарына, түшүнүктөрүнө, табиятына жараша иштелип чыккан же түптөлгөн.
Өз ара, тирүүлүккө байланыштуу каада, тирликке байланыштуу каада, төрт түлүккө байланыштуу каада, табиятка байланыштуу каада деп бир нече түргө бөлүнөт.
Ал каадалардан түрдүү салттар келип чыгат. Салт өз кезегинде ырым менен бекемделет. Ошентип кыргыз баалуулугу бек түптөлүп, уланып келген.
© Sputnik / Табылды КадырбековТушоо кесүү — кыргыздын илгертен келе жаткан салтынын бири
Кыргызская национальная одежда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Тушоо кесүү — кыргыздын илгертен келе жаткан салтынын бири

Салт

Киши жашоосундагы маанилүү болгон ар кандай көрүнүш, түрдүү жагдайды баса белгилеп, жолун түздөп турган эреже.
Салт да өз ара тирликке байланыштуу, тирүүлүккө, төрт түлүккө, табиятка болуп нече топко бөлүнөт. Кандай жакшылык болсо да, кандай жамандык болсо да ким эмне кылышы керек, кимдин орду кайсы жер, ким барат, ким келет — баары салт жолу менен анык, так!
Салт деген сөз жалгыз, бирөө деген мааниде да колдонулат. Демек, салт бул – ааламдык мыйзамдарга дал келген, сөзсүз аткарылышы керек болгон жол. Ар бир кыргыз салт менен эсептешип жашаган. Аны мыйзам катары калетсиз кабыл алган, салтка дал келбеген көрүнүштү "салт бузулса – нарк кетет", "салтта жок жосунду жасаба!" деп дароо тыйышкан.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков Атайы чач өрүү салты бар
Кыргызская национальная одежда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Атайы чач өрүү салты бар

Ырым

Ырым — салт менен жанаша жасала турган ритуал, ар жагдайда, ар кырдаалда, жамандыкта-жакшылыкта жасала турган руханий жөрөлгө. Салт менен жолун түздөсө, ырым менен бекемдеп түптөгөн. "Ырымын жасабаса – орду томсорот" делип, ырымдын аткарылышына кылдат көңүл бурулган.
Ырымды жөн кишилер жасаган эмес. Ак-караны туюнган, ааламдык чындыктан кабары бар касиеттүүлөр аткарган.

Тыйымдар

"Болбойт" деген тыюу салынган аракеттер. Ал тыюулар караламан калкты тескеп, түздөп турган. Кишилик ички көзөмөл иштебей калганда, тээ байыртан уланып келе жаткан болбойт деген тыюулар кишини, коомду жөнгө салып келген.
Тыюулар да өз ара төрт түлүккө, тирүүлүккө, тирликке, табиятка байланыштуу болуп бир нече түргө бөлүнөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековТыюулар өз ара төрт түлүккө, тирүүлүккө, тирликке, табиятка байланыштуу болуп бир нече түргө бөлүнөт.
Фестиваль кочевников Чункурчак көч — 2017 в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Тыюулар өз ара төрт түлүккө, тирүүлүккө, тирликке, табиятка байланыштуу болуп бир нече түргө бөлүнөт.

Жосун

Жалпы элге же жеке кишиге байланыштуу жүрүм-турум эрежелеринин жыйындысы. Ал дагы миңдеген кылымдардын элегинен өтүп, иргелип чындык болгон. Элге сиңип, жазылбаган, бирок бузулбас мыйзам катары жашап келген. Ал эрежеге сыйбаган көрүнүштөр жосунсуз деп табылып, тыйылган, тыйганга болбосо эл катарынан чыккан.

Үрп-адаттар

Ар бир элдин тээ байыртан жашап келген жашоо үлгүсү, элдик нускасы. Улам жасалып отуруп адат болгон, акырында санат болгон кыргыз жашоо түзүмү.
Үрп-адат заманга жараша өзгөрүүлөргө да учураганы менен баштапкы маңыз сакталган. Жөнөкөй тирлик, күнүмдүк жашоодон тартып табият, коом менен байланыш, дегеле кыймыл-аракеттин баарына байланышкан үрп-адаттар уланып келген.

Шаан-шөкөт, салтанат

Ар бир каада-салтты өткөрөрдө ал ырым менен коштолгон сымал, салтанаттуу бөлүгү да болгон. Ал бөлүктө майрамдык маанай, агыл-төгүл дасторкон, ыр-күлкү, оюн уланып, улуулар өзүнчө ыр-күү угуп, жаштар өзүнчө шатыра-шатман, шапар тээп сайрандашкан.
Шаан-шөкөт, салтанаттар киши көңүлү үчүн жасалып, өмүрдү көрктөндүрө жашоону максат кылган.
© Sputnik / Табылды КадырбековАр бир каада-салтты өткөрөрдө ал ырым менен коштолгон сымал, салтанаттуу бөлүгү да болгон
Показ кыргызской национальной одежды на джайлоо Кок-Жайык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Ар бир каада-салтты өткөрөрдө ал ырым менен коштолгон сымал, салтанаттуу бөлүгү да болгон

Нарк

Элдин табиятына, дүйнө таанымына, тутунган чындыгына жараша түптөлүп, түзүлгөн элдик баалуулук. Нарк – эл умтулган, карманган, элди эл катары сактап келген бийик түшүнүк.
Нарктын өзөгүн текке таазим этип, урпакка кам көрүү түзөт. Өткөн жети ата, жети эне, жетимиш ата, жетимиш энелерди улуктоо менен катар келечек муундарга кам көрүү нарк жолундагы маанилүү көрүнүш.
Каадасын карманып, салтын сактап, ырымын жасап, жосундуу жашоо менен кыргыз өз өзөгүндө жашап келген эмеспи. Ошол өзөк, ошол жол нарк, нарктуулук деп аталган.
Нарк — элге таандык түшүнүк болгону менен эл жеке кишилерден куралат да. Ошондуктан ар бир киши өзүндө, өзөгүндө нарк, нарктуулукту өзү билип-билбей алып жүрөт.

Тизгин жыяр

Жалпы каада-салт, ырым, тыйым, жосун, үрп-адат деп таанып, маалыматыбыз болгону менен кийинчерээк шаан-шөкөт үчүн жасалган айрым көрүнүштөрдү да салт ушул экен деп кабыл алып, жаман салт экен деп жерип да жатпайбызбы. Ошондуктан ар бирин өз-өзүнчө белгилеп коюу зарылбы дейм.
Мамлекетти эл түзөт эмеспи. Ал эми элдин элдүүлүгүн кармап турган элдин жадында сакталып, жазылбай аткарылып келген каада-салты, ырым-жөрөлгөсү, жол-жосуну, элдик тыйымдары, үрп-адаты жана ушунун баарын камтыган наркы замандардын, доорлордун, кылымдардын, жылдардын элегинде эленип, калбырында калчанып такталган. Аны туура же туура эмес деп сындоо бир кылым жашабаган кишинин акылына сыйбас. Анткен менен дилинде, дээринде тууралыгын билер.
Элдик баалуулуктар унутулбай улана берсин!
Аксакал менен жаш бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2023
Алдыга сүрөгөн ак кишилер. Кыргыздын акжайдаңы менен ак маңдайы ким?
Жайлоодо күнгө жылынып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2022
Ак таңдын тилеги жакшы, илеби кандай? Адамзат жан сактоо үчүн жарышка түшкөнбү
Жаңылыктар түрмөгү
0